Кара-Балта шаарынын мэринин
2021 -жылдын 6 айына карата аткарылган иштер
боюнча отчету жөнүндө
Кара-Балта шаарынын мэринин
2021 -жылдын 6 айына карата аткарылган иштер
боюнча отчету жөнүндө
Кара-Балта шаарынын мэринин 2021-жылдын 6 айына карата аткарылган иштер боюнча отчетун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44– беренесинин 8 – пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын мэринин 2021-жылдын 6 айына карата аткарылган иштери боюнча отчету эске алынсын. Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б.Шакирбаевдин иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кара-Балта шаарынын мэри Шакирбаев Данияр Баяманович ээлеген кызматка ылайык келүү маселесин кароо сунушталсын.
- Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кеңештин төрагасы А. Байсариев