2020-жылдын 6-майында саат 16:00 Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү

2020-жылдын 6-майында саат 16:00 Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү

2020-жылдын 6-майында саат 16:00 Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү. Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы Аалыев Алмаз Аалыевич кезексиз сессияга төрагалык кылып ачып берди. Шайланган 31 депутаттын ичинен 28 депутат кезексизсессияг акатышышты. Күн тартибине каралуучу маселелердин ичинен 4 маселени бекитип алган соң, шаардык кеңештин депутаттары бекитилген маселелерди талкууга алышты.
Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын күн тартибинде төмөндөгү суроолор каралып жана чечимдери депутаттар тарабынан кабыл алынды.
1. 2020-жылдын январь, февраль, март, апрель айлары үчүн шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү (1/12) жөнүндө отчет. /Кара-Балта шаарынын шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен, Кара-Балта шаарынын бюджетинин 2020-жылдын январь-апрель айына чейинки чыгымдары жөнүндө отчетун берүү чечими кабыл алынды.
2. Материалдык резеврден гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндөгү отчету. /Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кара-Балта шаарынын калкынабөлүнгөн гуманитардык жардамы тууралуу маалыматка тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин АКСне жөнөтүлүүсү үчүн тескеме кабыл алынды.
3. Кара-Балта шаарынын мэриясынын 5 млн. сом сурагандыгы жөнүндөгү маалыматы. /Шаардык мэрия тарабына өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга багыттына суралган каражаттар жөнүндө маалыматты шаардык кенешке берүү үчүн тескеме кабыл алынды.
4. КБШК 2020-жылдын 18-февралындагы №5 буюрмасынын аткарылышы жөнүндө маалымат./Кара-Балта шаардык кенешинин 2020-жылдын 18-февралындагы №5 тескемесин эске алуу чечими кабыл алынды.