«08» апрель 2021 ж. №10 Кара-Балта ш.
Жайыл райондук ЖДПБнын кампалары жөнүндө
“Жергиликтү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 – беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
БУЮРМА КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын мэриясы Кара-Балта шаарынын түштүк өнөр-жай зонасында жайгашкан Жайыл райондук ЖДПБнын кампаларында
(кычкылтекстанциясынынжанында):
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” муниципалдык ишканасынын базасы (ширетүү цехи, чоң көлөмдүү материалдык баалуулуктарды, убактылуу демонтаждалган соода-сатык объектилерин, кум жана шагыл аралашмасы, кыйылган бактарды ж.б.у.с. чогултуу үчүн);
- кароосуз жаныбарларды багуу үчүн питомник уюштурулсун.
- Ушул тескеменин аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы ошондой эле Кара-Балта шаарынын вице-мэри Т.Н. Айткулуевге жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы А. Байсариев