«08» апрель 2021-ж. № 06 Кара-Балта ш.
Т.Кожомбердиев көчөсүндө эки тараптуу
унаа кыймылын ачуу маселеси боюнча
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1-ноябрындагы №10 “Кара-Балта шаарынын Т.Кожомбердиев көчөсүндө жол кыймылын өзгөртүү жөнүндө”, 2018-жылдын 5-декабрындагы № 9 “Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, 2018-жылдын 1 ноябырындагы №10 “Кара-Балта шаарынын Т. Кожомбердиев көчөсүндөгү унаа кыймылынын өзгөрүшү жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
- Т.Кожомбердиева көчөдөгү жол кыймылынын схемасын (Фрунзе көчөсүнөн Ж.Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү) убактысы чектөөсүз, бардык белгилерди орнотуу менен эки тараптуу кыймылга өзгөртүлсүн.
- Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү максатында:
- Т.Кожомбердиев көчөсүнөн Крылов көчөсүнө жолдун эки тарабында тосмо орнотуу:
- бир тараптан Крупская көчөсүнө чейин;
- экинчи тараптан борбордук мечитке чейин.
- Т.Кожомбердиев көчөсүнө жөө адамдар өтүүчү жол чырак орнотуу (Ж.Баатыр көчөсү менен кесилиши).
- 2 өтмөнү аныктоо:
- “Чынара” соода борборунун жаны;
- Т.Кожомбердиев көчөсүндө жөө адамдар өтүүчү жол чырак жайгашкан жерге (Ж.Баатыр көчөсү менен кесилиши).
- “Чынара” соода борборунун алдындагы жер тилкеси (унаа токтотуучу жай) муниципалдык унаа токтотуучу жайын түзүү үчүн кайтарылсын.
- Токтомду аткаруу мөөнөтү кабыл алынган күндөн тартып 3 ай.
- Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү өнөр жай, курулуш, транспорт, чакан жана орто бизнести тейлөө, ишкердүүлүк жана инвестиция, Кара-Балта шаарынын мэриясы жана ЖР ИИБ жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы А.Байсариев