08» апреля 2021-ж. № 02 Кара-Балта ш.
Кара-Балта шаарынын КТТ полигонуна
жол тилкесин уюштуруу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28,31,36-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4,18-беренелерине, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,12-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын түштүк өнөр жай зонасында жайгашкан аянты 45000 м², жер тилкесиКара-Балта шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине алынсын.
- Кара-Балта шаарынын КТТ полигонуна 2 250 м аралыктагы жол тилкеси уюштурулсун.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча;өндүрүш, курулуш, транспорт, чакан жана орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б.Шакирбаевге жүктөлсүн.
Кенештин төрагасы А.Байсариев