ТОКТОМ №7 «29» март 2019 ж.
Көп кабаттуу үй курууну долбоордоо жана куруу жөнүндө мамлекеттик- жеке өнөктөштүк боюнча келишим түзүү туралуу
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 29 беренесине, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Каганат” ЖЧК өтүнүчүнүн негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын мэриясына сунушталат:
- Социалдык муктаждыктар үчүн батирлердин бөлүгүн муниципалдык менчикке берүү шарты менен, курулуш компаниясы менен, Кара-Балта шаарынын территориясында көп кабаттуу үйүн долбоордоо жана куруу жөнүндө мамлекеттик- жеке өнөктөштүк келишими түзүү;
- Көп кабаттуу үйүн долбоордоого жана курууга курулуш компаниясына Кара-Балта шаарынын Ленин көчөсү, Калинин көчөсү, Коммунистическая көчөсү, Бейшеналиева көчөлөрү менен чектелген кварталда жер тилкеси бөлүү.
- Бул токтом юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүүгө жиберилсин. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана вице-мэр Э.К. Орозбаковго жүктөлсүн.
Төрага А. Аалыев