Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы ММК башчысынын м.а.Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинин ички канализациясын жаңы курулуп жаткан канализацияга кошуу боюнча долбоордук документтерди түзүүгө макулдук берүү жөнүндө маалыматын угуп, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы
№ 01-5/1138 №1 орто мектептин канализациялык коллекторун долбоорлоодо кетирилген мүчүлүштүктөр жөнүндө катынын негизинде Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы ММК башчысынын м.а. Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинин ички канализациясын жаңы курулуп жаткан канализацияга кошуу боюнча долбоордук документтерди түзүүгө макулдук берүү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
- Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинин ички канализациясын жаңы курулуп жаткан канализацияга кошуу боюнча долбоордук документтерди түзүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлүбюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага А.А. Аалыев