Бюджеттик каражаттарды үнөмдүү пайдалануу максатында, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 01-5/1138 катында көрсөтүлгөн калыбына келтирүү иштери, жарык бергичтердин монтажы жана СИП линияларын тартуу боюнча жумуштардын көлөмүн аныктоо жана жумуштардын мыйзамдарга ылайык аткарылышын изилдөө максатында Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 01-5/1138 катында көрсөтүлгөн калыбына келтирүү иштери, жарык бергичтердин монтажы жана СИП линияларын тартуу боюнча жумуштары боюнча, № 1 тиркемеге ылайык убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн.
- Убакылуу депутаттык комиссия аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча Кара-Балта шаардык кеңешке 2018-жылдын 30-сентябрына чейин маалымат берсин.
Төрага А.А. Аалыев