«Универсал» МЧИнин ишканасынын ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча иш чаралардын планын даярдоо, алгач аткарылчу иштердин түрүн аныктоо, зарыл болгон көлөмдөгү каражатты аныктоо, материалдык-техникалык базаны аныктоо, ошондой эле «Универсал» МЧИнин штаттык структурасын иштеп чыгуу максатында, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Универсал» МЧИнин ишмердүүлүлүгүн жандандыруу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу боюнча, № 1 тиркемеге ылайык убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн.
- Убактылуу депутаттык комиссия Кара-Балта шаардык кеңешин 2018-жылдын 20-октябрына чейин аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берсин.
Төрага А.А. Аалыев