Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылга II-жарым жылдыкка карата сунушталган иш планын карап чыгып, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылга II-жарым жылдыкка карата иш планы токтомдун № 1 тиркемесине ылайык бекитилсин.
- Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясында каралуучу суроолорду өз убагында даярдоого көзөмөл кылуу шаардык кеңештин жооптуу катчысы Т.Н.Айткулуевге жүктөлсүн.
Төрага А.А. Аалыев