Депутат Ж.А.Эсенбаеванын “Менчиктештирүү Программасы жөнүндө” маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, аткаруу органы Менчиктештирүү Программасын иштеп чыксын.
- Менчиктештирүү Программасын бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, уюштуруу-укук маселелери, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча жана саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиялары карап чыгып, шаардык кеңештин сессиясынын отурумунда каралсын.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Төрага А.Аалыев