№ 2 «Кара-Балта шаарын көрктөндүрүү боюнча» Эрежени бекитүү жөнүндө

№ 2 «Кара-Балта шаарын көрктөндүрүү боюнча» Эрежени бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кара-Балта шаарынын территориясын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларды эффективдүү уюштуруу максатында, Кара-Балта шаардык кеңеш,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин «Кара-Балта шаарын көрктөндүрүү боюнча» Эрежени бекитүү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
  2. ”Кара-Балта шаарын көрктөндүрүү боюнча» Эреже, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
  4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселер жана инвестиция боюнча туруктуу комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Кара-Балта шаардык кеңештин

төрагасы                                                                             А.А. Аалыев

09 август 2018 жыл

Кара-Балта шаардык кеңешинин
2018 жылдын 09 августу №2

Токтомуна №1-тиркеме

 

Кара-Балта шаарын көркктөндүрүү

Эрежелери

  1. Жалпы жоболор
  2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

III. Таштанды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу

  1. Шаар аймагын тазалоону уюштуруу жана санитардык жактан кармоо
  2. Шаар аймагын күз-кыш мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү
  3. Шаар аймагын жаз-жай мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү

VII. Жолдорду жайында тазалоого коюлчу талаптар (өзүнчө элементтер боюнча)

VIII. Көркктөндүрүү, тазалык жана тартипти камсыз кылуу

  1. Жашыл бак-дарактар
  2. Жашыл бак-дарактарды багуу, кам көрүү, шаар аймагын жашылдандыруу
  3. Жашылдандырылган аймактарды коргоо

XII. Ар кандай маанидеги объектилерди курууда жана долбоорлоодо жашыл бак-дарактардын сактыгын камсыз кылуу

XIII. Жашылдандырылган аймакты инвентаризациялоо

XIV. Кара-Балта шаарын көркктөндүрүү Эрежелерин бузганы үчүн юридикалык тараптарга, кызмат адамдарына жана карапайым жарандарга карата каралчу жоопкерчилик.

 

  1. Жалпы жоболор

 

1.1. Кара-Балта шаарын көркктөдүрүү боюнча бул Эрежелер (мындан ары – Эрежелери) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине,  Кыргыз Республикасынын«Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексине,Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө» мыйзамына, «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө», «Өндүрүш калдыктары жана керектөө жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамдарына, шаар аймактарын көркктөндүрүү абалына, айлана-чөйрөнү коргоого карата талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

1.2. Эрежелер сырткы көркктөндүрүү жаатындагы мамилелерди тескейт жана бирдиктүү, аткарууга милдеттүү болгон талаптар менен ченемдерди бекитет, шаар аймагын тазалоо жана талаптагыдай кармоо тартиптерин аныктайт, жашыл бак-дарактарды багуу жана коргоону жөнгө салат, Эрежелер менчигинин формасына карабай Кара-Балта шаарынын аймагында жайгашкан  бардык юридикалык тараптар, жер ээлери же пайдалануучулары, үй крууучулар, имараттардын ээлери же ижарага алгандар үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат.

1.3. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан көркктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, аймакты жыйнап-терүү иштери, тазалыкты менен тартипти камсыз кылуу иштерине байланыштуу кабыл алынган бардык ченемдик укукту актылар жана ведомстволук көрсөтмөлөр бул Эрежелердин талаптарына каршы келбеши керек.

1.4. Кара-Балта шаарында көркктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, аймакты жыйнап-терүү иштери, тазалыкты менен тартипти камсыз кылуу жаатындагы тиешелүү кызматтардын ишмердүүлүгүн Кара-Балта шаарынын мэриясы жана ал ыйгарым укук берген органдар жөнгө салат.

1.5. Кара-Балта шаарында көркктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, аймакты жыйнап-терүү иштери, тазалыкты менен тартипти камсыз кылуу жаатындагы бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, тиешелүү кызматтарга методикалык жардам көрсөтүү Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик бөлүмүнө жүктөлөт (мындан ары – ММБ).

1.6. Көркктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, аймакты жыйнап-терүү иштери жана аймакты жашылдандыруу жана ирригация иштерин уюштуруу ММБнө, баланс кармоочуларга, жер тилкелерин жана имарат-курулуштардын ээлерине же ижарага алгандарга жүктөлөт.

1.7. Бул Эрежелердин аткарылышына жоопкерчилик жана көзөмөл кылуу ММБнө жүктөлөт.

1.8. Административдик мыйзам бузуулар боюнча иштерди кароо жана Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине ылайык административдик жаза берүүнү тиешелүү административдик комиссиялар ишке ашырат.

1.9. Бул Эрежелердин талаптарынын аткарылышына болгон жоопкерчилик тиешелүү тартипте бекитилген аймакта подрядчик уюмдардын, арендаторлордун, жер пайдалануучулардын келишимдик милдеттенмелеринин аткарылышына көзөмөл кылган ал аймактын менчик ээлерине жүктөлөт.

 

  1. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

 

2.1. Баланс кармоочу–менчик ээси менен болгон келишимдин негизинде оперативдик башкарууга жана чарба жүргүзүүгө тиешелүү мүлк өткөрүлүп берилген юридикалык тарап.

2.2. Толук комплекттенбеген таштанды автотранспорт–менчик ээси тиешелүү тартипте баш тарткан же ээси жок же ээси белгисиз болгон транспорттук каражат. Мындай транспорттук каражаттын кимге тиешелүүлүгүн ыйгарым укуктуу органдар аныктайт.

2.3. Шаардын сырткы келбетин көркктөндүрүү–шаар чегинде жана шаарга караштуу аймакта жашаган калк үчүн жагымдуу, жашоосуна жана эс алуусуна саламаттык жагынан, маданий жагынан шарттарды тузүп берүү боюнча иштердин комплекси. Мындай комплекс өз ичине тазалоо иштерин уюштуруу, көркктөндүрүү объектилерин жана элементтерин талаптагыдай кармоо, эксплуатациялоо, ремонт жана сактоо боюнча иштерди камтыйт.

2.4. Аймакты көркктөндүрүүнү калыбына келтирүү–аймактын абалын, газондорду, ирригациялык тармактарды, жолдордун абалын, подъезддерге кире бериштерди, жашыл бак-дарактарды ж.б. иш өндүрүшү баштала электа бар болгон жана бузулууга туш болгон, анын ичинде аймакты тазалоо жана тартипке келтирүү иштерин калыбына келтирүү боюнча иштердин комплекси.

2.5. Калыбына келтирүү наркы–жашыл бак-дарактарды кыюу, башка жакка көчүрүү, зыян келтирүү, жок кылуу учурунда алардын баасын эсептөө үчун коюлган баа.

2.6. КТК (катуу тиричилик калдыктары) чыгаруу–КТКны контейнерлерден атайын траспортко жүктөө, контейнер аянтчаларын жана аларга өтүүчү жолдорду чачылган таштандылардан тазалоо, андан ары чогулган таштандыларды шаардык таштанды полигонуна сактоого же утилизацияга, же таштандыларды сорттогон пункттарга, таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларга жеткирүү.

2.7. Газон –көркктөндүрүү элементи, кыркылып туруучу чөп же башка өсүмдүктөрдөн турат. Түшүмдүү-өсүмдүк өсүүчү жер катмары – жасалма жол менен чөп отургузулган жер тилкеси.

2.8. КТК чыгаруу графиги–КТК чыгаруу боюнча келишимдин негизги бөлүгү, дареги, көлөмү жана чыгаруу убактысы көрсөтүлөт.

2.9. Короолорго тийиштүү аймак–турак-жайларга караштуу болгон, анда жашаган адамдардын жалпы пайдалануусундагы, турак-жай, курулуштар же бак-дарактар менен чектелген аймак. Короолорго тийиштүү аймактарда ал аймак тиешелүү болгон үйлөрдө жашаган адамдардын кызыкчылыгы үчүн балдар аянтчасы, эс алуу орундары, кир жайчу жерлер, унаа токтотуучу жай, бак-дарактар жана башка жалпы пайдалануудагы объектилер жайгашат.

2.10. КТК чыгарууга карата келишим–юридикалык күчкө ээ заказчик менен аткаруучунун (КТК чыгарууга адистешкен атайын подряддык уюм) ортосунда түзүлгөн жазуу жүзүндөгү келишим, ага ылайык аткаруучу заказчиктин тапшырыгы боюнча КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтөт, заказчик бул кызматтар үчун акы төлөп берүүгө милдеттенет.

2.11. Жол курулмалары–жолдордун конструктивдүү элементтери (жер полотносу, унаа жүрүүчү бөлүгү ж.б.), жасалма курулмалар (көпүрө, эстакада ж.б) жана ошондой эле автожолдорду талапка ылайык кармоого, сактоого, пайдаланууга зарыл болгон курулмалар.

2.12. Жашыл бак-дарактар–бак-дарак, бадал, чөп өсүмдүктөрү, табигый түрдө пайда болгон же атайы отургузулган.

2.13. Ири көлөмдөгү таштанды–пайдалануудан чыккан жана көлөмүнүн чоңдугунан атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга болбой турган керектөө же чарбалык ишмердүүлүктүн таштандылары (тиричилик техникалары, эмерек ж.б.).

2.14. Контейнер –КТК чогултууга арналган бир стандарттагы челек, көлөмү 0,7-1,5 куб.м.

2.15. Контейнердик аянтча–өндүрүштүк жана тиричилик таштандыларын чогултууга жана убактылуу сактоого арналган атайын жабдылган керектүү санда контейнерлер коюлган аянтча.

2.16. Компенсациялык жашылдандыруу–жок кылынган жана зыянга учураган жашыл бак-дарактардын ордуна башка бак-дарактарды отургузуу.

2.17. Таштанды–бардык калдыктар, анын ичинде КТК, ири көлөмдөгү таштанды, керектөөчүлүк жана өндүрүштүк калдыктар.

2.18. Темир гараж –кыймылдуу мүлктүн стационардуу эмес объектиси, юридикалык тарапка же жеке адамга тиешелүү, автотранспортту калкалоого багыталган, шаардын аймагына тиешелүү ченемдик укуктук актыларда аныкталган капиталдык курулуш иштериндегидей алдын ала даярдыксыз орнотулат.

2.19. Кичи архитектуралык формалар–декоративдик мүнөздөгү, күнүмдүк пайдалануудагы объектилер: скульптуралар, барельефтер, гүлдөр үчүн вазалар, чарпая, павильон, отургучтар, урна, балдарга жана чоңдорго арналган оюн конструкциялары.

2.20. Таштандылардын жыйымы–КТК, башка калдыктарды баш аламан таштагандан улам контейнердик аянтчада же башка жерлерде пайда болгон көлөмү 1 куб метрден ашпаган таштандылардын жыйымы.

2.21. Мыйзамсыз таштанды жайы–КТК, ири көлөмдөгү таштандыларды, өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарын, курулуш калдыктарын жана башка таштандыларды өз алдынча каалаган жерге ыргытуу, топтоо, көлөмү 30 куб метрден ашкан жана аянты 50 кв. метрден ашкан.

2.22. Очоктуу таштанды жыйымы–өз алдынча таштынды ыргытуудан пайда болгон,көлөмү 30 куб метрден ашкан жана аянты 50 кв. метрден ашкан КТК жыйымы.

2.23.Өндүрүштүк жана тиричилик калдыктары (мындан ары – калдыктар) –чийки зат, материалдардын, жарым фабрикаттардын жана башка товар, продуктулардын калдыктары, өндүрүштүн же тиричилик керектөөлөрүнүн натыйжасында же товарлардын керектөөдөн чыкканына бйланыштуу пайда болгон жана анын ээси зыянсыздандыруу, кайра иштетүү же башка жакка жайгаштыруу жолу менен андан кутулууну каалаган калдыктар.

2.24. жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар –шаардын бардык калкынын эс алуусуна арналган кирүүсү бекер жана бардык адамдарга чектөөсүз болгон аймактар: бакча, парк, мемориалдык комплекстер, сквер, бульвар, көчө, транспорттук магистралдар, дарыя жээктери, токой тилкелери.

2.25. Чектелген пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар–турак-жай, жарандык, өнөр жай курулуштарынын, калкты тейлөө уюмдарынын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин, билим берүү, илимий мекемелеринин чегиндеги, белгилүү бир калктын тобунун пайдалануусуна арналган аймактар.

2.26. Атайын максаттагы жашылдандырылган аймактар–атайын функцияларды аткарууга арналган жашыл аймак, анын ичинде санитардык-коргоо, суу-коргоо, мелиоративдик-коргоо, өрт коопсуздугу зоналары, көрүстөндөр ж.б. кирет.

2.27. Парк –жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак, узак убакытка эс алууга арналган жана функционалдуу зоналардын бар болушу менен мүнөздөлөт.

2.28. Жанаша аймактар– юридикалык тараптардын же жеке адамдардын менчигиндеги, же ижара катары бөлүнүп берилген жер, имарат, курулуштар, курулуш аянттары, соода объектилери жана башка объектилерге жанаша жайгашкан,ижара акыларынан бошотулган аймактар. Жол жактагы жанаша аймактардын чек аралары жолдордун унаа жүрүүчү бөлүгүнө чейин уланат. Жолдордун унаа жүрүүчү бөлүгүнөн алыс жайгашкан имараттарга жанаша аймак деп бөлүнүп берилген жер тилкесинен 7 метр алыстыкта жайгашкан аймак эсептелет.

2.29. Суу ташкын–дарыяларда, каналдарда, арыктарда суу көбөйүшүнүн натыйжасында жер алдындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, жол участкаларын, транспорттук тоннелдерди, жол, тротуарларды жаан-чачындардын, кардын эришинен улам суу каптоо, же инженердик системалар жана коммуникациялардын суу кабыл алуучу жабдыктарынын бузулушунун кесепетинен суу агып, жөө адамдардын, автотранспорттун, шаардык коомдук транспорттун жолуна бөгөт болушу.

Суу каптоого учураган аймак катары суу каптаган аянты 2 кв.метрден ашка тереңдиги 3см ашкан жер эсептелет.

2.30. Жашыл бак-дарактардын зыянга учурашы– механикалык, термикалык, химиялык жана башка бак-бадал өсүмдүктөрүнүн өзөгүнө, бутактарына, тамырына зыян келип, алардын абалдары начарлап, натыйжада өсүүсү токтоп же куурап калышы. Ошондой эле бак-дарактардын зыянга учурашына алардын бутактарын сындыруу, сырткы кабыгынын бузулушу, тамыры орун алган жер кыртышынын зыяндуу заттар менен булганышы, тебеленип калуусу, автотранспорттун тебелеши, өрттөө ж.б. зыянга учуроолор кирет.

2.31. Унаа жүрүүчү жол–жол элементи, транспорттук каражаттарды турак-жайларга, коомдук имараттарга, мекемелерге, ишканаларга, кичи район, кварталдардагы жана башка шаардык курулуш объектилерине унаалардын өтүп баруусун камсыздаган жол элементи.

2.32. Жолдорду кароо–жолдордун транспорттук-эксплуатациялык абалын, анын көркктөндүрүү элементтерин, чийме белгилерин, жол курулмаларын талапка ылайык деңгээлде кармап турууга багытталган иштердин комплекси.

2.33. Аймакты санитардык тазалоо–аймакты таштандылардан арылтуу, тазалоо, көчөлөрдөгү чогулган кир калдыктарды, таштандыларды ташып чыгаруу.

2.34. КТК чогултуу–таштанды камераларды тазалоо, толгон контейнерлерди тазалоо, контейнерлер турган аянтчаларды тазалоого байланышкан иш чаралардын комплекси.

2.35. КТК чыгаруу графигинин үзгүлтүккө учурашы– КТКны ташып чыгаруунун маршруту жана убакыт сааты 8 сааттан ашык мөөнөткө сакталбашы.

2.36. Жашыл бак-дарактарды түрттүрүп салуу–бул же тигил курулуш объектисин жайгаштырууга, инженердик жактан жакшыртуу иштерин ишке ашырууга, жер үстүндөгү коммуникацияны тартууга, турак-жай, коомдук имараттарга күн тийиши үчүн кыйып же казып салуу керек болгон учурда тиешелүү тартипте бекитилген негизде бак-дарактарды, өсүмдүктөрдү жок кылуу.

2.37. Сквер –жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган чакан аймак, аянттын, коомдук борбордун, магистралдын атайын жасалгаланган элементи болуп саналат, кыска мөөнөттүү эс алууга, жөө адамдардын транзиттик кыймылына арналган.

2.38. Ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана башка чарбалык субъектилердин аймагы–мыйзамдарда каралган негизде (менчик формасына жараша) юридикалык тараптарга же жеке адамдарга белгилүү бир максатта бекитилип берилген, аянты, чек арасы, жайгашкан орду, укуктук статусу бар шаар аймагынын бир бөлүгү.

2.39. Катуу тиричилик калдыктары (мындан ары – КТК) –ададмардын жашоо-тиричилигинин натыйжасында пайда болгон керектөө калдыктары, анын ичинде тамак жасоо, тазалоо иштерин жүргүзүү, турак-жайды ремонттоо, турак-жайларга жанаша жайгашкан аймактарды жана жалпы пайдалануудагы жерлерди тазалоо, турак-жайларда үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоонун натыйжасында жана үй буюмдарынын керектен чыкканына байланыштуу пайда болгон калдыктар.

2.40. Жашыл бак-дарактарды жок кылуу–жашыл бак-дарактарды казып же кыйып салуу менен алардын өсүшүн токтотуу жана ошондой эле жашыл-бак дарактарды, өсүмдүктөрдү алардын өлүмүнө алып келгендей зыянга учуратуу.

 

III. Таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу иштерин уюштуруу

3.1. Шаардын аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөн жеке адамдар жана юридикалык тараптар жана башка чарбалык субъектилер, ошондой эле жеке турак-жай ээлери, көп батирлүү үйлөрдөгү адам жашаган жана жашабаган турак ээлери, бекитилген тартипте КТК ташуу, көмүү, сорттоо, зыянсыздандыруу, кайра иштетүү менен алектенген атайын ишканалар менен КТК чыгарып кетүү боюнча келишим түзүүгө милдеттүү.

Жарандык сектор (индивидуалдык жана көп кабаттуу турак-жай жашоочулары) менен болгон мамиледе ачык келишим түзүүгө жол берилет.

3.2. КТК чогултууну уюштуруу:

3.2.1. КТКны контейнерлерге чогултуу, контейнер аянтчаларын тазалоо, кыш мезгилинде контейнерлер коюлган аянтчага кирүү жолдорун кардан, муздан тазалоо жоопкерчилиги төмөнкүлөргө жүктөлөт:

– муниципалдык аймакта жайгашкан контейнерлер турган аянтча боюнча – КТК ташуу боюнча атайын адистешкен поряддык ишканаларга;

– ижарадагы, бирөөнүн ээлигиндеги, пайдалануусундагы аймактар боюнча – ведомствого, уюмга, ишканага, башка чарбалык субъектилерге, жеке адамдарга жана юридикалык тараптарга.

Контейнерлердеги таштандыларды жүктөө учурунда чачылып калган жана контейнерлер коюлган аянтчага жыйылып калган таштандыларды тазалоо КТК ташуу иштерин жүргузгөн ишканага жүктөлөт.

3.2.2. Өнөр жай ишканаларыынын чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында чыккан калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын күчү менен атайын бул максатта жабдылган жерлерде ишке ашырылат, ошондой эле калдыктарды жайгаштыруу жана сактоо мөөнөтү милдеттүү түрдө ММБ менен макулдашылат.

Ишкананын аймагында атайын бөлүнбөгөн жерде калдыктарды сактоо  жана сактоо лимитинен ашырууга тыюу салынат.

Өсүмдүк өсчү же башка топуракты убактылуу сактоого атайын бул үчүн бөлүнгөн жерлерде гана уруксат берилет.

3.2.3. Контейнерлердеги таштандылардын толуп ашышына, тиричилик калдыктарын өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар өз убагында графигине ылайык чыгарылып турушу керек.

3.2.4. Контейнер аянтчаларын пайдаланган, тейлеген уюмдар контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди өз убагында ремонттоп, керектен чыккандарын алмаштырып туруусу керек.

3.3. КТК ташып чыгаруу:

3.3.1. Турак-жайлардан жана ишканалардан таштындыларды ташуу кетүү түзүлгөн келишимдин негизинде КТК ташууга адистешкен атайын ишканалар тарабынан жүргүзүлөт. Атайын адистешкен ишкананын тейлөөсүнө кирбей калган ишканалар таштандыларын атайын таштанды ташыган жеке транспорту жана КТК чогултууга ылайыкташкан атайын аянтчасы бар болгон учурда тиешелүү келишимдин негизинде таштанды полигонуна бекитилген графиктин негизинде ташыйт.

3.3.2. Керектөөчүлөр  таштанды ташыганы үчүн КТК ташууга адистешкен атайын ишканага атайын түзүлгөн келишимдин негизинде Кара-Балта шаардык кеңеши тарабынан бекитилген тарифке ылайык акы төлөшөт.

3.3.3. Таштанды жана башка калдыктар шаардык таштанды полигонуна, төгүндү станцияларга ташылат. Шаардык таштанды полигонун жана төгүндү станцияларын талапка ылайык абалда кармоо жоопкерчилиги ММБ жүктөлөт.

Таштанды иргеген станциялар же таштандыны кайра иштеткен завод бар болсо таштандылар бул ишканаларга Кара-Балта шаарынын мэриясынын макулдугу менен ташылат.

3.3.4. Ири көлөмдөгү таштандыны чыгаруу жоопкерчилиги ал таштанды тиешелүү болгон ишкананын, мекеменин, жеке адамдын өзүнө жүктөлөт же атайын таштанды ташууга адистешкен ишкана тарабынан атайын түзүлгөн келишимдин негизинде ташылат.

3.3.5. Кыймылсыз объектилерди куруу же ремонттоо менен алектенген жеке адамдар же юридикалык тараптар иш баштаардан мурда курулуш таштандыларын зыянсыздандыруу боюнча келишим түзүшү керек, таштандыны өз алдынча чыгарып же атайын адистешкен ишкана менен келишимдин негизинде чыгарат.

3.3.6. Атайын адистешкен подряддык ишканалар тарабынан жүргүзүлгөн газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бактарды санитардык кыркуу, бактарды кыюу, бадалдарды тегиздеп кыркуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандыны чыгаруу ошол подряддык ишкананын өзүнүн күчү менен жүргүзүлөт.

3.3.7. Шаар көчөлөрүн, аянттарды тазалоодон кийин пайда болгон таштандылар атайын адистешкен ишкана тарабынан чыгарылат.

3.4. Контейнерлер атайын жабдылган аянтчаларда орнотулат. Жайгашуу орду жана айланасын курчоо архитектура, санитардык-эпидемологиялык көзөмөл кызматтары, тиешелүү муниципалдык аймактык башкармалык, турак-жай жана кварталдыккомитеттеринин төрагалары жана КТК ташууга адистешкен ишкана менен макулдашылат.

Контейнерлерди унаа жүргөн жолго, тротуарларга, газондорго жана ирригациялык каналдарга 10 метрден жакын жерге жайгаштырууга тыюу салынат.

3.5. Контейнерлер турган аянтчалар асфальт же бетон менен төшөлүп, жолду көздөй эңкейиш болушу керек жана ага унаа өтүп бара ала тургандай жол болуш керек.

3.6. Контейнер аянтчалары жанаша аймактарына таштанды ташталбашы үчүн үч тарабынан бийиктиги 1,0-1,2 м курчоо менен тосулушу керек.

Индивидуалдык долбоор менен жана тиешелүү тартипте макулдашылган түрдө жабык типтеги контейнер аянтчаларын даярдоо жана иштеп чыгууга жол берилет.

3.7. Контейнер аянтчалары турак-жайлардан, балдар мекемелеринен, спорт аянтчаларынан жана калк эс алган жайлардан 20 м алыстыкта, бирок 100 мтерден ашпаган аралыкта болушу керек. Өзгөчө бир учурларда жогорудагыдай аралыкты сактоого мүмкүн болбогон курулуш шартында контейнерлер комиссиялык чечимдин негизинде орнотулат (райондук архитектордун, мэриянын өкүлдөрүнүн, КТК ташууга адистешкен атайын ишкананын өкүлдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктын, кондоминиумдардын, турак-жай, квартал комитеттеринин, санитардык-эпидемологиялык көзөмөл кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен).

Комиссиянын ишин уюштуруу жана тиешелүү Актыларды бекитүү иштери мэрияга жүктөлөт.

3.8. Контейнер аянтчаларынын көлөмү керектүү сандагы контейнерлерди орнотууга эсептелиши керек. Канча контейнер орнотуу керектигин КТК ташууга адистешкен ишкана ал контейнерлерди пайдаланган калктын санына, чыккан калдыктардын нормасына, калдыктарды сактоо мөөнөтүнө ж.б. шарттардыэске алуу менен ар бир участка боюнча индивидуалдуу эсептеп чыгуусу керек.

3.9. Калдыктарды чогултуу камералардан, таштанды ташууга адистешкен атайын транспорттон экинчи жолу иштетилүүчү сырьену тандап алууга жол берилбейт. Калдыктар салынган идиштерди атайын адистешкен автотранспорт келгенге чейин эртелей (1 сааттан ашык убакыт мурда) таштанды чогултуулчу камералардан сырткары чыгарганга болбойт.

3.10. Контейнер аянтчалары дайыма тазаланып, тазалыкта кармалышы керек.

3.11. Контейнерлер техникалык жактан талапка ылайык абалда кармалып, сырдалып, ага ээлик кылган атайын уюмдун реквизиттери, таштанды чыгаруу убактысы жазылган белгиси болушу керек. Май куюучу бекеттерде орнотулган контейнерлер кулпу менен бекитилиши керек.

3.12. Контейнерлер жана алар турган аянтчалар, таштанды камералары талап боюнча ар бир 10 күндө 1 жолу КТК ташууга адистешкен атайын ишкана тарабынан жуулуп жана дезинфекцияланып турушу керек.

3.13. Таштанды салына турган камералар көп кабаттуу үйлөрдө кулпу менен бекитилип, чоочун адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат.

3.14. Таштанды түтүктөрүн, таштанды салынчу камераларды пайдалануу жана кармоо жоопкерчилиги көп кабаттуу үйлөрдүн адам жашаган жана жашабаган турак ээлерине же түзүлгөн келишимдин негизинде турак-эксплуатациялык уюмдарга жүктөлөт.

3.15. Шаар көчөлөрүндө, вокзалдарда, базарларда, аэропорттордо, парктарда, скверлерде, эс алуу зоналарында, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, жана башка калк массалык чогула турган жерлерде, көп кабаттуу турак-жайлардын короолорунда, коомдук транспорттордун аялдамаларында, шаардагы бардык ишкана, мекемелердин, чарбалык субъектилердин, соода жана кызмат көрсөтүү объектилеринин кире беришинде таштанды челектери орнотулушу керек. Таштанды челектер жанаша аймактар бекитилген юридикалык тараптар же жеке адамдардын эсебинен орнотулат.

Базарларда, вокзалдарда, парктарда, скверлерде жана башка адамдар көп чогула турган жерлерде таштанды челектер бири-биринен 50 м аралыкта орнотулууга тийиш.

Шаар көчөлөрүндө бири биринен 100 метр аралыкта орнотулушу керек.

Көп кабаттуу үйлөрдүн ар бир подъездине орнотулушу керек.

Шаардык коомдук транспорттордун аялдамаларында, ишканалардын, мекемелердин, соода объектилеринин кире беришинде таштанды челектердин саны экиден кем болбошу керек.

Таштанды челектерди тазалоо алардын толгонуна жараша баланста кармоочулар тарабынан кеминде күнүнө эки жолу тазаланып турушу керек. Алар кирдегенине жараша жуулуп турушу керек, кеминде жумасына бир жолу. Шаардык коомдук транспорттордун аялдамаларындаорнотулган таштанды челектер аялдамаларды тазалаган уюмдар тарабынан жуулат, тазаланат, ал эми соода, кызмат көрсөтүү объектилеринин кире беришинде орнотулган таштанды челектер ээлери же ижарага алгандар тарабынан тазаланат.

Таштанды челектер баланста кармоочулар тарабынан жылына бир жолу (жыл сайын апрель айында), ошондой эле тиешелүү кызматтардын көрсөтмөсүнө ылайык сырдалат.

3.16. Мыйзамсыз таштанды таштоочу жайларды уюштурган, калдыктарды өрттөгөн адамдар мыйзамга ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат. Ким таштаганын аныктоо мүмкүн болбогон учурларда калдыктарды тазалоо, мыйзамсыз пайда болгон таштынды жайды жоюу иштери ал аймактын менчик ээсинин же ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген мөөнөттө ал жерди пайдалануучунун эсебинен жүргүзүлөт.

 

  1. Шаардык аймактарды тазалоо иштерин уюштуруу жана санитардык жактан кароо

4.1. Жалпы пайдалануудагы аймакты санитардык жактан кароо бул – таштандылардан тазалап туруу, кыш мезгилинде кардан тазалоо, муздарды чагуу, унаа жолдорун, тротуарларга кум себүү, жай мезгилинде жол үстүлөрүн, тротуарларды жууп туруу, газондорду кыркуу, сугаруу, бак-дарактарды багуу дегенди түшүндүрөт.

4.2. Ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарбалык субъектилердин ээлери, адам жашаган жана жашабаган имарат ээлери, жеке турак-жай ээлери аларга бекитилген жанаша аймактарда күнүгө санитардык тазалоо иштерин өз эсебинен жүргүзүүгө милдеттүү ( 4.4.1. пунктка ылайык), бул иштерге жалданма жумушчуларды өз алдынча тартууга же акы төлөп берүүнүн негизинде атайын адистешкен уюмдар менен келишим түзө алат.

Таштандыларды чогултуу КТК ташууга адистешкен ишкана менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

4.3. Шаар аймагын тазалоо иштери бул Эрежелердин талаптарына, Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген инструкция, технологиялык рекомендацияларга ылайык жүргүзүлөт.Тазалоо иштерин уюштуруу жоопкерчилиги ММБнө, атайын адистешкен ишканаларга, муниципалдык аймактык башкармалыктарга, турак менчик ээлеринин шериктештиктерине, турак-жай жана квартал комитеттерине, турак ээлерине алардын ыйгарым укуктарына ылайык жүктөлөт, ошону менен бирге жанаша аймактарды тазалоо иштерине менчик формасына карабай чарбалык субъектилерди, турак-жай-эксплуатациялык тейлөөчү уюмдарды, ошондой эле жеке турактарда жана көп батирлүү үйлөрдө жашаган калкты тартуу жолу каралат.

4.3.1. Муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер жеке турак-жайларга, көп кабаттуу үйлөргө жанаша аймактарды, ээлерине бекитилген жер тилкелерин, короо аймактарын тазалоо иштерин уюштурууга жоопкерчилик алат, бул иштерге калкты, турак-жай-эксплуатациялык тейлөө уюмдарын, турак-жай менчик ээлеринин шериктештиктерин, кондоминиумдарды, турак-жай-курулуш кооперативдерин, ошондой эле турак үйлөрдө жайгашкан чарбалык субъектилерди тарта алат.

4.4. Аймакты көркктөндүрүү, тазалоо иштерин ишке ашыруу, жашыл бак-дарактарды багуу жана ирригациялык системаларды кароо жоопкерчилиги төмөнкүлбөргө жүктөлөт:

4.4.1. Баланста кармоочуларга, имарат ээлерине, эер ээлереине жана пайдалануучуларга, тиешелүү муниципалдык кызматтарга, жеке турак жай эээлерине жана аларды жалдагандарга, көп кабаттуу турактардагы адам жашаган жана жашабаган турак-жай ээлерине, аларга бекитилген аймактарда, аянттарда, көчө, көпүрө, дарыя жээктеринде, жол куурларында, тротуар, короо, парк, скверлерде тазалоо иштерин жүргүзүп, жашыл бак-дарактарды, ирригациялык системаларда кароого милдеттүү, анын ичинде

– узунунан–имаратка, турак-жайга же жер тилкесине жанашкан аймакты узунунан толугу менен;

– туурасынан–жолдун унаа жүргөн бөлүгү боюнча, ал эми бир тараптуу курулуш болсо – унаа жүргөн бөлүгү туурасынан толугу менен, каршысындагы тротуарды чогуу.

Эгер бир имаратта бир нече пайдалануучу болсо (арендаторлор) жанаша жайгашкан аймакты санитардык тазалоо иштери имараттын ээсине же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт.Жоопкерчиликти бөлүштүрүү бул учурда ижара боюнча келишимдин негизинде же имаратты пайдалануучулардын баары менен түзүлгөн келишимдин негизинде аныкталышы мүмкүн.

4.4.2. Арыктардын, көлмөлөрдүн жээгине жанаша жайгашкан аймактарда тазалоо иштери, алардын жазылыгы боюнча толугу менен, анын ичинде тротуарларда жана сууга түшө турган жолдордо да кошо жүргүзүлөт.

Тазалоо боюнча бардык жумуштар эртең мененки саат 7ге чейин жүргүзүлүшү керек, ал эми күнү менен тазалык тиешелүү деңгээлде сакталып турушу керек.

4.4.3. Атайын адистешкен ишканалар жолдорду, көчөлөрдү, аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттордун аялдамаларын, жана башка муниципалдык аймактарды, газондордо, ирригациялык истсемаларда пайда болгон белгисиз таштандыларды тазалайт.

4.4.4. Шаардын аймагынан өткөн темир жолдор, перрон, вокзалдар темир жол эксплуатациялык уюмунун күчү менен өз каражаттары менен тазаланат.

4.4.5. Шаардыктарды массалык эс алуу жайларын тазалоо ал аймак бекитилип берилген ишкана тарабынан тазалант.

4.4.6. Жаан чогула турган кудуктар, жаан канализациялары, автожолдор, жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөр, жол аркылуу өткөн трубалар жол-эксплуатациялык участкалар тарабынан тазаланат, «Кара-Балта» суусунун нугун тазалоо иштерин атайын адистешкен ишкана жүргүзөт.

4.4.7. Тротуарларды жуу, короо аймактарын, жашыл бак-дарактарды, газондорду багып кароо, оттолорду жулуу алардан арылуу, газон себүү, аймакты жашылдандыруу, жана ошондой эле жашыл фондду коргоо Эрежелердин 2.28 жана 4.4.1 пункттарына ылайык ишканалар жана жарандардын күчү менен камсыз кылынат.

4.4.8. Коомдук дааратканаларды тейлөө жана кароо атайын адистешкен ишканаларга, жеке ээлерине жана арендаторлорго жүктөлөт.

4.4.9. Жашылдандыруу объектилерине (парк, сквер, бульвар, газон ж.б.) жоопкерчиликти ММБ алат.

4.4.10. Жолдордун бөлүштүргүч жерлериндеги газон бөлүктөрүн, унаа жүрүүчү бөлүктөгү тосмолорду, тротуар жана газондор, жана башка жолдорду көркктөндүрүү элементтерин кароо жоопкерчилиги алар балансында турган ишканаларга берилет.

Бул иштерди аткарууда таштандыларды көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүктөрүнө чыгарууга тыюу салынат.

4.4.11. Убактылуу көчө соода орундарында, соода объектилеринде (соода павильондору, тез курулуучу соода комплекстери, палатка, киоск) тазалоо иштери 10 метр радиуста, ал эми базарларда, соода-базар комплекстеринде 50 метр радиуста тазалоо иштери бул объектилердин ээлерине жүктөлөт.

Жанаша жайгашкан газондорго, соода чатырларынын, киоскторунун чатырларына буюм-тайымдарды сактоого болбойт.

4.4.12. Узак убакыт бою пайдаланылбаган, өздөштүрүлбөгөн аймактарда, курулушу түртүрүлүп салынган аймактарда тазалоо иштери бул аймактар бөлүнүп берилген жер ээлерине же пайдалануучуларына, түрттүрүү иштерин алып барган поряддык уюмдарга жүктөлөт.

4.4.13. Май куючу бекеттерине кирүү жана чыгуу аймактарында, унаа жуугучтарда жана аларга жанаша жайгашкан аймактарда (кеминде 15 метр аралыктагы зона)  тазалоо, көркктөндүрүү иштери жүргүзүү, тазалыкты сактап туруу жоопкерчилигин бул объектилерди балансында кармоочулар алат.

4.4.14. Тротуарларда жайгашкан мачта, көчөлөрдү жарыктандыруучу орнотмолор, контакттык тармактардын айланасындагы аймактарды тазалоо иштери  тротуарларды тазалоого жооп бергендерге жүктөлөт.

4.4.15. Трансформатаорлор, бөлүштүргүч подстанциялар жана башка автоматтык режимде иштей турган инженердик курулмалар, ошондой эле ЛЭП таянычтарына жанаша жайгашкан аймактардагы тазалоо иштерин бул объектилер жайгашкан аймакты балансында кармоочулар жүргүзөт.

4.4.16. Парковка, унаа токтотуучу жай, гараждардын аймактарындагы тазалоо иштерин жүргүзүү, таштандыларды чыгаруу, кардан тазалоо иштери бул объектилерди эксплуатация кылган менчик ээлери, арендаторлор, балансында кармоочулар, уюмдардын жоопкерчилигине жүктөлөт.

4.4.17. Ишканалардын, уюм, мекемелердин жана башка чарбалык субъектилердин аймактарын жана аларга жанаша жайгашкан аймактарды, аларга кирүү-чыгуу жолдорун тазалоо жана кароо жоопкерчилиги аталган аймактарда жайгашкан курулуштар менчигинде, ижарада, балансында турган ишканалардын, мекеме, уюмдардын администрациясына жүктөлөт.

4.4.18. Короолорду шыпыруу, короо ичиндеги унаа жүргөн жолдорду, тротуарларды чаңдан, чогулган кирден, майда таштандылардан тазалоо, аларды жууп туруу турак-жайлардын менчик ээлеринин шериктештиги, кондоминиумдар тарабынан жүргүзүлөт же турак-жай, имарат ээлери менен түзүлгөн келишимдин негизинде турак-жай-эксплуатациялык подряддык уюмдардын жумушчулары тарабынан атайын жабдуулардын жардамы менен же кол менен эртең мененки саат 8ге чейин жүргүзүлөт.Аймактагы тазалыкка жумушу күнү бою көз салып туруу керек.

4.5. Талаш маселе жаралган учурда, уюмдар, ишканалар, мекемелер, арендаторлор ортосунда тазалоо иштерин жүргүзүү чек аралары ММБ тарабынан алар менен биргеликте тазалоо иштеринин схемалык картасын түзүү аркылуу аныкталат.

4.6. Шаар аймагын тазалоо иштери күнүнө бир жолу эртең мененки саат 7ге чейин жүргүзүлөт. Магистралдарда, унаа кыймылы көп болгон көчөлөрдө тазалоо иштери түнкү убакта 23.00дон 06.00го чейин жүргүзүлөт. Талаптагыдай тазалыкты күнү бою сактап туруу керек.

Короо аймактарында, адамдар көп боло турган жайларда (вокзал, базар, сода зоналары ж.б.) тазалоо иштери күнү бою жүргүзүлөт.

4.7. Чукул аба ырайынын шартында (нөшөр, калың кар, муз ж.б.) тазалоо иштеринин режими Кара-Балта шаарынын мэриясынын, Жол коопсуздугу бөлүмдөрүнүн, Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан зарыл болгон учурларда түзүлгөн шаардагы уюмдардын аракеттерин тескеген ыкча топтун көрсөтмөлөрүнө ылайык бекитилет.

Ыкчам топтун чечимдери бардык юридикалык тараптар үчүн, жеке адамдар үчүн да аткарууга милдеттүү болуп саналат.

4.8. Шаардык суу берүүчү тармактын жаан сууларын чогултуучу жана кароо кудуктарын профилактикалык текшерүү жана тазалоо иштери бул курулмалар балансында турган муниципалдык ишканалар менен уюмдар тарабынан бекитилген график боюнча, бирок кварталда бир жолудан кем эмес тазаланат.

Жаан канализациялары толуп калбашы үчүн жаан сууларын чогултуучу кудуктарга акыр-чикир салууга болбойт.

Жаан сууларын чогултуучу кудуктар системасы дайыма жумуш абалында кармалып турушу керек. Кудуктардын торчолорун бүтөп, кир менен толтуруп, суунун өтүшүнө бөгөт болгондой абалда кармаганга жол берилбейт.

4.9. Дарыя, каналдардын, коллектордук-дренажердук тармактардын аймактарындагы таштандыларды тазалоо атайын адистешкен ишканалардын күчү менен жүргүзүлөт.

4.10. Бактарды кыркуу жана аларды ташып кетүү – бутактарды кыркуу, куурап калган бактарды кыюу менен алектенген уюмдар тарабынан жүргүзүлөт( муниципалдык аймактарда – атайын адистешкен ишкана тарабынан жүргүзүлөт, мамлекеттик же менчиктеги аймактарда бул жумуштун түрү боюнча тажрыйбасы бар башка адистешкен уюм тарабынан жүргүзүлөт).

Негизги көчөлөрдүн, магистралдардын боюнда жайгашкан жашылдандырылган аймактан кыйындыларды ташып кетүү жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт, башка экинчи маанидеги көчөлөрдөн же короолордон ташып кетүү сутка ичинде жүргүзүлөт. Куурап калган бактарды кыйгандан кийин калган дүмүрлөр негизги көчөлөрдүн, магистралдардын боюнан бир сутканын ичинде алынышы керек, экинчи маанидеги көчөлөрдөн жана короолордон үч сутканын ичинде алынууга тийиш.

Кулаган бактар баланста кармоочулар тарабынан жолдордун унаа жүргөн бөлүгүнөн, тротуарлардан, электр зымдарынан, турак-жайлардын жана ишканалардын фасаддарынан дароо алынышы керек, башка аймактардан 6 сааттын ичинде алынууга тийиш.

 

  1. Шаар аймагын күз-кыш мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү

 

 

5.1. Көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүктөрүн күз-кыш мезгилинде тазалоо иштери Эрежелердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

5.2. Куз-кыш мезгилиндеги тазалоо иштеринин мөөнөтү 1-сентябрдан 1-мартка чейин бекитилет. Аба ырайы кескин өзгөргөн шартта, кышкы тазалоо иштеринин башталган жана аяктаган мөөнөтү ММБ тарабынан өзгөртүлөт.

5.3. Тазалоо техникаларын күз-кыш мезгилиндеги тазалоо иштерине даярдоо боюнча иш чаралар өтүп бараткан жылдын 1-ноябрына чейин техниканы баланста кармоочулар тарабынан жүргүзүлөт.

5.4. Шаар аймагын тазалоого жооп берген уюмдар 1-ноябарга чейинки мөөнөттө тайгалак музга каршы материалдарды жетиштүү көлөмдө топтоп алууга тийиш.

5.5. Кыш мезгилинде ичке жолдор, отургучтар, урналар, кичи архитектуралык формалар жана башка элементтер жана аларга жанаша жайгашкан аймактар кардан, муздан тазаланып турууга тийиш.

5.6. Аймактардын же объектилердин ээлери, пайдалануучулары, подряддык уюмдар аларга бекитилген же жанаша жайгашкан аймактардагы тротуарларды, жөө адамдар жүрүүчү жолдорду, унаа жүрүүчү жолдорду, парковкаларды кардан, муздан тазалап турууга тийиш. Тайгалак муз пайда болгон учурларда атайын материалдар пайдаланылышы керек (кум, майда шагыл ж.б.).

Түзүлгөн келишимдин негизинде көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы участкаларды тейлеген баланста кармоочулар жана атайын адистешкен уюмдар кол менен же атайын кар тазалагыч машиналар менен аларга бекитилген аймакты кардан, муздан тазалоо иштерин жүргузөт.

Унаалардын жана адамдардын кыймылы үзгүлтүккө учурабашы үчүн тротуарлардан, көчөлөрдөн, аянт, скверлерден, бульварлардан кар жана муздарды ташып кетүү биринчи кезекте магистралдык көчөлөрдө, аялдамаларда, бурулуштарда, көпүрөлөрдө башталат.

5.7. Көчөлөрдүн унаа жүрчү бөлүктөрүндө, тротуарларда, короо аймактарында тазалоо иштеринин технологиясы жана режими кандай аба ырайы болбосун унаалар менен жөө адамдардын үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылышы керек.

Суу түтүктөрүнүн, канализациялык тармактардын аварияга учурашынан уламжолдордогу тоңгон муздар, бул кырдаалга күнөөлүү болгон уюмдар тарабынан чукул шартта тазаланышы керек.

Жаңы кар түшкөн учурларда зарылдык болсо көчөлөргө, аянттарга, бульвар, скверлерге көчөнүн жазылыгына жана ал жактагы кыймылдын мүнөзүнө жараша карды үймөк кылып убактылуу чогулта турууга уруксат берилет. Кар үймөктөрүн унаа жүрө турган жол бөлүктөрүнүн эки тарабына же ортосуна, тротуарлардын жээгине же газондордо бордюрдан 0,5 метр аралыкта унаалар менен жөө адамдардын кыймылына тоскоол болбогондой кылып жайгаштырууга болот. Чогулган кар үймөктөрү атайын бөлүнгөн жерлерге чыгарылат.

5.8. Квартал ичиндеги унаа жүрүүчү жолдордон, короо аймактарынан, ишкана, уюм, курулуш аянтчаларынан, соода объектилеринен тазаланган карды магистралдардын, көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгүнө ташып келүүгө болбойт.

5.9. Көчөлөр менен магистралдарды кыш мезгилинде тазалоо:

5.9.1. Кышкы тазалоо иштерине карата өзүнчө технологиялык операциялар боюнча талаптар.

5.9.2. Шаар жолдорунун унаа жүрүүчү бөлүктөрүнө тайгалакка каршы материалдарды менен чачуу кар жаап бүткөндөн кийин дароо башталышы керек.

5.9.3. Тайгалакка каршы материалдарды бөлүштүрө турган бардык унаалар күнү-түнү күзөттө болуп, белгилүү бир көчөлөргө, жолдорго бөлүнөт. Маршруттук графиктин көчүрмөсү айдоочуга жол баракчасы менен бирге берилет.

5.9.4. Кар тазалангандан кийин биринчи кезекте магистраль менен көчөлөрдүн унаа жүргөнгө эң коркунучтуу деген бөлүктөрү тайгалакка каршы материалдар менен иштетилет – чукул ылдый түшкөн жерлер жана өйдө көтөрүлүштөр, көпүрөлөр, көчө кесилиштериндеги жана аялдамалардагы токтоо аянтчалары.

ММБ милдеттүү түрдө биринчи кезекте тайгалакка каршы материалдар себиле турган коркунучтуу жол аймактарынын тизмегин түзөт. Бул тизме жана маршруттук график Жайыл райондук жол коопсуздугу боюнча бөлүмү менен макулдашылат.

5.10. Кар тазалоо:

5.10.1. Механикалык жол менен унаа өтүүчү жолдорду кардан тазалоо жумшак кар массасы жол үстүндө 2,5-3,0 см ашканда жүргүзүлөт, бул жаңы түшкөн отура элек 5 см кар менен барабар. Узак убакыт бою кар жааган учурда механикалык жол менен кар тазалоо кардын бийиктиги 5 см жеткен сайын жүргүзүлөт.

5.10.2. Бардык көчө, унаа жүрүүчү жолдордогу карды тазалоо 3 сааттан ашпашы керек ( механикалык жол менен кар тазалоонун бир цикли).

5.10.3. Узак убакыт бою тынбай кар жааган учурларда “тазалоо-себүү” иштеринин технологиялык бир циклинин узактыгы 6 сааттан ашпашы керек.

Сутка бою тынбай кар жааган учурда бир суткада “тазалоо-себүү” иштеринин кеминде 3 технологиялык цикли жүргүзүлүшү керек, б.а. тазалоочу унаалар айдоочулар тамак ичкен жана унаага май куйган убакыттан тышкары дайыма көчөлөрдө жумуш үстүндө болуусу керек.

5.10.4. Кезектеги тазалоо цикли бүтөөрү менен чогулган карларды тазалоо, чогултуу, аялдамаларда, жөө адамдар жүрүүчү жолдордогу карларды чыгаруу иштери башталышы керек.

5.10.5. Механикалык тазалоо иштери аяктагандан кийин унаа жүрүүчү жол бөлүгү толугу менен кар жана тоңдон толук тазаланышы керек.

5.11. Карларды чогултуу:

5.11.1. Унаа жүрүүчү жол бөлүктөрүнөн жана көчөлөрдөн тазаланган кар жол жээгине убактылуу чогултулат.

Карды төмөнкү жерлерге чогултууга болбойт:

– нбир деңгээлдеги жол, көчөлөрдүн кесилишине жана темир жол өтмөктөрүнө жакын жерге;

– транспорттук тосмолор менен жабдылган жол участкаларына жана бийик бордюр коюлган жолдорго;

– тротуарларга.

Жол жээгиндеги чогулган кардын жазылыгы 1,5 метрден ашпашы керек. Алар жүк ташыган унаага жүктөгөнгө даярдалып коюлушу керек.

Кар үймөктөрүн чогултуу убактысы кар жаагандан кийин 24 сааттан ашпашы керек.

Лотоктордо кар үймөктөрүн чогултууда карды тротуарларга, газондорго ташууга болбойт.

5.12. Транспорттун кыймылы бир тараптуу болгон жолдор менен көчөлөрдө, бөлгүч скверлери, газондору, бетон блокторубар магистралдарда, унаа жүрүүчү жол бөлүктөрүн шыпыруу баштала турган эки метрлик лоток алдындагы зоналар кышы бою кар, муздан тазаланып турушу керек.

5.14. Тротуарларды, аялдамалардагы жүргүнчүлөрдү салуу аянтчалары, жөө адамдар жүрүүчү жолдорду тазалоо:

5.14.1. Кар жааган учурда жана тайгалак болгон учурда тротуарлар менен жөө адамдар өтүүчү зоналар тайгалакка каршы материалдар менен иштетилип чыгыш керек.

5.14.2. Кар тазалоо иштери (механикалык жол менен жана кол күчү менен) тротуарларда, жөө адамдар жүрүүчү жолдордо, жүргүнчүлөрдү салуучу аянтчаларда кар токтогондон кийин дароо башталышы керек. Узак убакыт бюо токтобой кар жааган учурларда  кар тазалоо жана тайгалакка каршы материалдарды себүү иштеринин цикли кардын бийиктиги 5 см жеткен сайын кайталанып турушу керек.

5.14.3. Кар калың жааган учурларда (бир саатта 1 см) тротуарларга тайгалакка каршы материалдар себилип, жөө адамдар жүрүүчү өтмөктөр тазаланып турууга тийиш.

5.15. Короо аймактарындагы кышкы тазалоо иштери:

5.15.1. Тротуарлар, короо аймактары, унаа өтүүчү жерлер кар менен муздан тазаланып турууга тийиш. Муз пайда болгон учурларда 2-5 мм майда шагыл төгүлөт.

5.15.2. Короолордон жана кварталдар ичиндеги унаа жүрүүчү жерлерден тазаланган карды короо аймагына чогултууга уруксат берилет, алар жөө адамдардын жана унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаратпагандай болушу керек. Кар чогултууда жашыл бак-дарактарга зыян келбеши керек. Короо ичиндеги аймактарга кар чогултууда  эринди суулардын агымын эске алуу керек.

 

  1. Шаар аймактарын жаз-жай мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү

 

6.1. Жаз-жай мезгилиндеги тазалоо мөөнөтү 1-марттан 1-сентябрга чейин бекитилет.

Аба ырайы кескин өзгөргөн шартта ММБ көрсөтмөсү менен жай мезгилиндеги тазалоо иштеринин мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүн. Тазалоо техникаларын жаз-жай мезгилиндеги тазалоо иштерине даярдоо боюнча иш чаралар ММБ жана Жайыл райондук жол коопсуздугу бөлүмү тарабынан аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт.

6.2. Унаа жүрүүчү жол бөлүгүн жууган учурда сууну агыны менен жол боюнчадагы акыр-чикирди, таштандыларды тротуарларга, газондорго, коомдук трансорттордун аялдамаларынын павильондоруна, жакын жайгашкан имараттардын фасадына чыгарып салууга жол берилбейт.

6.3. Жалбырактар түшкөн мезгилде бекитилген аймакты тазалоого жоопкер болгон уюмдар көчө, магистраль боюндагы, короо аймактарындагы газондордогу жалбырактарды тырмап, ташып чыгарат.  Жалбырактарда бак-дарактардын, бадалдардын түп-тамырын көздө тырмап чогултууга болбойт.

 

VII. Жолдорду жай мезгилинде тазалоо иштерине коюлчу талаптар

(өзүнчө элементтер боюнча)

 

7.1. Унаа жүрүүчү жол бөлүгү дайыма тазаланып, жуулуп турушу керек.

7.2. Ок сызыгы, резервдик тилкелер дайыма кумдан жана башка майда таштандылардан тазаланып турушу керек. Шыпырып-тазалоочу унаалардын иш циклинин ортосунда чогулган кирдин көлөмү 1 кв.м. аянтта 50 граммдан ашпашы керек.

7.3. Тротуарлар менен аларда жайгашкан аялдамалардын жүргүнчүлөрдү салуучу аянтчалар ар кандай кум-таш, таштандылардан толук тазаланып, жуулуп турушу керек.

Тазалоо циклдеринин ортосунда чогулган көп эмес кум-таш, майда таштандылардын топтолушуна жол берилет.

Мындай чогулган кирдин көлөмү 1 кв.м. аянтта 15 граммдан ашпашы керек.

7.4. Жолдун жээктери ири көлөмдөгү жана башка таштандылардын тазаланып турушу керек.

7.5. Темир тсомолор, жол белгилери, көрсөткүчтөр жуулуп турушу керек.

7.6. Газон түрүндөгү бөлүштүргүч тилкелер таштандылардан тазаланып, чөбүнүн бийиктиги 15 см ашпашы керек.

 

VIII. Көркктөндүрүү, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу

 

Жалпы жоболор

 

8.1. Юридикалык тараптар жана жеке адамдар, жеке ишкерлер Кара-Балта шаарынын бардык аймагында тазалык менен тартипти сакташы керек, анын ичинде жалпы пайдалануудагы аймактарда, жеке курулуш аймактарында, көркктөндүрүу элементттеринин ( жол, тротуар, газон, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык системалар ж.б.) бузулушуна жол бербей, бардык менчик формаларынын объкетилерине аяр мамиле кылуулары керек.

8.2. Кара-Балташ шаарынын аймагында тиричилик жана курулуш  таштандыларын, өндүрүштүк калдыктарды, кыйылган бак бутактарын, жалбырак, карды таштоого жол берилбейт.

Көчөлөрдү, аянттарды, парк, скверлерди жана башка коомдук жайларды булгаганга жол берилбейт.

Арыктарга, дренаждык тармактарга таштанды таштоого, агынды сууларды төккөнгө болбойт.

8.3. Кара-Балта суусунун нугунан өз алдынча шагыл алууга болбойт.

8.4. Таштанды челектерди, сырткы жарыктандыруучу фонарларды, эстеликтерди, отугучтарды жана башка кичи архитектуралык формаларды зыянга учуратып, жок кылууга болбойт.

8.5. Таштандыларды, жалбырактарды, унаа дөңгөлөктөрүнүн сыртын, өндүрүштүк калдыктарды өрттөөгө, жер участкаларынын аймагында, анын ичинде ишкана же жеке турак-жай аймагында таштандыларды көмгөнгө тыюу салынат.

8.6. Жеке авто унаа ээлерине кыш мезгилинде унаа жүрүүчү жол бөлүгүн жана унаа өтүүчү жолдорду узак убакытка унаа токтотуу же унаа коюу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

Жеке авто унааларды сактоо жана тототуу короолордо жана квартал ичиндеги аймактарда бир катарга уруксат берилет, алар тазалоо техникаларынын тоскоолдуксуз өтө алышын камсыз кылгандай болушу керек. Жүк ташуучу чоң унааларды сактоо жана коюу гараждарда, унаа токтотуучу жайларда жана автобазаларда гана уруксат берилет.

Атайын бөлүнбөгөн жерлерде транспорттук каражаттарды жууганга тыюу салынат.

8.7. Шаардагы автотранспорттук ишканалар жана авто чарбалар унааларын линияга таза, жакшы абалда чыгарууга милдеттүү, акыркы аялдамаларда микроавтобустар менен маршруттук таксилерди ар бир рейстен кийин суу менен сүртүп тазалап туруу керек.

8.8. Топурак, таштанды, чачырама курулуш материалдарын, жалбырак, бак бутактарын үстүн брезент менен же башка жолду булгабай турган материалдар менен чүмкөбөй туруп ташыганга тыюу салынат.

8.9. Капиталдык эмес объектилер (унаа токтотуучу жайлар, бокс гараждар, ангар, кампа түрүндөгү курулуштар, соода жана кызмат көрсөтүү объектилери) аларга бекитилген аймактарды санитардык тазалоо жана жыйнап-терүү боюнча келишим түзүүгө милдеттүү. Темир гараж ээлери бул иштерди өз эсебинен өз күчү менен жүргүзүүгө тийиш.

8.10. Ар кандай максаттагы объектилерди газондорго, клумбаларга, гүлчамбарларга, балдар аянтчаларына, коллектордук-дренаждык тармактарга, ошондой эле трубалар салынган жерлерге жайгаштырууга тыюу салынат.

8.11. Соода жүргүзүүгө арналган объектилерди, унаа сактоого арналган убактылуу объектилерди (темир тент, гараж, навес ж.б.), кошумча курулуштарды, тосмолорду тиешелүү тартипте уруксат албай туруп өз алдынча орнотууга тыюу салынат.

8.12. Үй жаныбарларын сейилдетүү бул максатка атайын бөлүнгөн жерлерде гана тумшугуна кап кийигзип, кыска байлоодо гана ишке ашырылууга тийиш.

8.13. Менчигинин формасына карабай бардык ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин  жетекчилери, чарбалык субъектилер, жеке ишкерлер, жарандар Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлгөн сантирадык тазалоо боюнча айлыкка өзүлөрүнө бекитилген аймак боюнча катышууга милдеттүү.

 

Фасаддардын абалына көз салуу

 

8.14. Балансында имарат, курулуштар турган ишкана, уюмдардын жетекчилери, көп батирлүү үйлөрдөгү адам жашаган жана жашабаган турактардын ээлери, ал имараттардын фасаддарына өз убагында реставрация, ремонт, сырдоо иштерин жүргүзүп, ошондой эле өзүнчө элементтерин (балкон, лоджия, суу аккан трубалар, тосмолор, темир дарбазалар ж.б.) таза кармоого, фасадда илинген малымат такталарын, эстелик такталарын жакшы абалда кармоого милдеттүү.

Фасаддарды жана алардын конструктивдүү элементтерин өз алдынча кайра алмаштырып өзгөртүүгө тыюу салынат.

8.15. Турак-жайлар, административдик, өндүрүштү, коомдук имараттарга аншлаг тагылышы керек, турак-жайларга андан тышкары подъезддердин, батирлердин номери илиниши керек. Аншлагдар таза, жакшы абалда болууга тийиш. Алардын тазалагы жана абалына имаратты баланста кармоочулар жооп берет.

8.16. Кыш мезгилинде баланста кармоочулар тарабынан чатырлардан өз убагында карды чыгарылып, тонгон муздар, салаңдап калган муздар тазаланышы керек.

Жөө адамдар өткөн тарапка чыккан имараттын чатыры тоңгон муздар пайда болоору менен дароо тазаланышы керек, алдын ала кооптуу участкаларга тосмолор орнотулушу керек.

Суу кетүүчү сырткы трубалар мезгил-мезгили менен кардан тазаланып, 30 см ашык кардын толушуна жол берилбейт.

8.17. Чатырлардагы карды, музду тротуарларга түшүрүү күндүзгү убакта гана жолду көздөй эңкейиш болгон чатырлардан жол берилет. Башка жакка эңкейиш чатырлардан жана эңкейиш эмес жалпак чатырлардан кар чики короо аймагына түшүрүлүшү керек.

Кар тушүрөөрдөн мурда жашоочулардын, жөө адамдардын коопсуздугун камсыздаган коргонгуч иш чараларды өткөрүү керек. Чатырдан түшүрүлгөн кар, муз дароо тазаланып, жол жээгиндеги лотокторду бойлото чогултулуп, унаа жүрүүчү жол бөлүгүн тазалаган уюмдун (келишим боюнча) чыгарып кетишине даярдалат.

Суу кетүүчү трубаларга кар, муз жана таштанды таштоого тыюу салынат. Чатырдан кар түшүрүп жатканда бак-дарактардын, бадалдардын, электр жарыктандыруучу линиялардын, рекламалык конструкциялардын, светофор объектилеринин, жол белгилеринин, байланыш линияларынын коопсуздугуна кам көрүлүшү керек.

 

Курулуш объектилери

 

8.18. Курулуш аянтчаларын уюштуруу жана кароо, курулуш жана ремонт иштеринен кийин көрктөндүрүү иштерин калыбына келтирүү бул Эрежелердин негизинде тескелет.

8.19. Курулуш аянтчалары, курулуш материалдарынын өнөр жай объектилери сөзсүз түрдө автотранспорттун дөңгөлөктөрүн жууган пункттар менен жабдылышы керек. Автотранспорттун дөңгөлөктөрү аркылуу топурак, кирди шаар аймагына алып чыгууга тыюу салынаат.

8.20. Курулуш, реконструкция, ремонт жүргүзүлүп жатан объектинин чек арасынан 5 метр аралыктагы зонаны тазалоо, кароо иштери заказчик же подряддык уюмга жүктөлөт.

8.21. Курулуш аянтчасынан чыккан таштанды, калдыктарды жыйноого арналган уюмдун долбооруна ылайык атайын жай же чогулткуч бункер коюлушу керек.

Таштандыларды, курулуш калдыктарын бул үчүн атайын каралбаган жерлерге чогултууга тыюу салынат. Курулуш материалдарын сактоо тосулган курулуш аянтчасынын алкагында гана уруксат берилет.

8.22. Курулуш аянтчаларынын тосмолорунун сырткы көрүнүшү бекитилген нормативдерге ылайык болушу керек, алар кирден тазаланып, жуулуп турушу керек, долбоордо каралбаган оюктары, бузулган жерлери, чоочун жазуулар, жарнамалар болбошу керек, курулуш аянтчасын айланта жарыктандыруу орнотулушу керек.

8.23. Курулушу токтоп калган объектинин абалына көз салуу баланста кармоочуга жүктөлөт.

8.24. Курулуштун заказчиги объектти эксплуатацияга берээрде көрктөндүрүү жана жашылдандыру боюнча долбоордо каралган бардык иштерди бүтүрүп туруп бериши керек.

 

Көркөм жасалга жана реклама

 

8.25. Сырткы жарнак жана маалымат каражаттары көркөм эстетикалык келбетке ээ болуп, тазалыкта кармалышы керек.

Алардын мазмунуна уруксат берүүчү документтер кимге берилсе ошол юридикалык тарап же жеке адам жооп берет.

8.26. Рекламалык конструкциянын монтажынан (демонтаж) кийин реклама таркатуучу аймакты же реклама жайгаштырылган объектини көрктөндүрүү ишин калыбына келтирүүнү төмөнкү мөөнөттөрдө бүткөрүүгө милдеттүү:

–  өзгөчө маанидеги шаар аймактарында 2 суткадан ашпаган убакыт ичинде;

– жалпы маанидеги шаардык аймактарда 4 сутканын ичинде;

– квартал ичиндеги аймактарда 7 сутканын ичинде.

Рекламалык конструкциялардагы сүрөттөрдү алмаштыруу үчүн авто транспорт менен газонду тебелегенге тыюу салынат.

8.27. Имараттарга, дубалдарга, аялдамаларга, жарык берүүчү таянычтарга, бак-дарактарга кандайдыр бир жарыя же башка маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштырганга тыюу салынат.

Өз алдынча чапталган рекламалык жарнактарды, жазууларды, сүрөттөрдү объектилерден (имараттардын, дүкөндөрдүн фасадынан ж.б.) тазалоо иштерин уюштуруу кайсы ведомствого тиешелүүлүгүнө карабай ММБ жүктөлөт, ошондой эле көрсөтүлгөн объектилерди балансында кармоочулар же арендаторлорго жүктөлөт, реклама таркатуучулардын каражаттарынын эсебинен.

8.28. Борборлошкон майрамдык жасалгаларды тагуу жана алуу иштерин уюштуруу ММБ тарабынан Кара-Балта шаарынын мэриясы бекиткен мөөнөт боюнча жүргүзүлөт.

Майрамдык жасалгаларды тагуу жана алардын мазмуну боюнча жопкерчилик Кара-Балта шааарынын мэриясына, баланста кармоочуларга жана имараттын арендаторлоруна жүктөлөт.

8.29. Шаардын аймагында сырткы жарнактарды жайгаштыруу иштерин тескөө жана көзөмөлдөө ММБнө жүктөлөт, Көркөм-эстетикалык келбет жана бирдиктүү дизайн сакталышы керек.

ММБ жайгаштырылган сырткы жарнактардын учетун жүргүзөт жана бирдиктүү маалыматтык база түзөт.

 

Сырткы жарыктандыруу

 

8.30. Көчөлөрдү, скверлерди, аянттарды, имараттардын, курулуштардын жанаша аймактарын жарыктандыруучу жабдуулардын эксплуатация жана ремонтун алар балансында турган атайын адистешкен ишканалар, юридикалык тараптар ишке ашырат. Муниципалдык менчикте турган сырткы жарыктандыруу тармагы атайын адистешкен ишкана тарабынан тейленет.

Жарыктандыруу тармагын эксплуатация, ремонт иштеринин мөөнөтү жана көлөмү, элементтерин алмаштыруу ченемдик документтер аркылуу тескелет.

8.31. Жаңы объектилерди курууга долбоордук документацияларды макулдашууда, архитектуралык-пландык документтерди берүүдө архитектура жана шаар куруу кызматтары көрктөндүрүү боюнча бөлүнгөн аймакта жарыктандыруу иштеринин аткарылышын эске алышы керек.

8.32. Көчөлөрдү жарыктандыруучу жабдуулар борборлошкон аралыктан башкаруу менен же теле башкаруу менен жабдылышы керек, аны менен бирге жарыктандыруунун абалына көзөмөл кылуу каралышы керек.

Көчөлөрдө, жолдордо, аянттарда жана башка жарык берилүүчү объектилерде сырткы жарыктандыруу Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан аба ырайынын шарттарын эске алуу менен иштелип чыккан жана бекитилген графиктин негизинде күйгүзүлөт жана өчүрүлөт.

Турак-жайлардагы сырткы жарыктандырууну, көрсөткүч белгилерди, жана архитектуралык-көркөм жарыктандыруу системаларын өчүрүп-күйгүзүү көчөлөрдөгү сырткы жарыктандыруу графиги боюнча жүргүзүлөт.

Көчөлөрдү жарыктандыруунун борборлошкон башкаруусу керектен чыкса, жарыкты өчүрүп-күйгүзүү чектелүү сандагы жерлерде гана ишке ашкандай мүмкүнчүлүктү камсыздоо керек.

8.33. Магистралдык көчөлөрдө жарыктандыруунун бир бөлүгүн түнкү убактарда өчүрүп койгондой мүмкүнчүлүк болушу керек. Негизги аянттарда, магистралдарда жана көчөлөрдө өчүрүп койгон жарыктардын саны 5 пайыздан ашпашы керек.

8.34. Жарык берүүчү жабдыктардын таянычтары жана башка элементтери тазалыкта кармалып, коррозия очоктору болбошу керек, атайын адистешкен ишкана тарабынан абалына жараша сырдалып турушу керек, кеминде 3 жылда бир жолу.

8.35. Сүзүлгөн жарыктандыруу таянычтары жана электерлештирилген транспорттун байланыш тармактары негизги магистралдардан аларга ээлик кылгандар тарабынан дароо алынышы керек. Демонтаждалган же сүзүлгөн таянычтар башка аймактардан – алар табылгандан убакыттан баштап  бир сутканын ичинде алынышы керек.

 

Жолдордун, аянттардын, тротуарлардын, жашыл бак-дарактардын, ирригациялык тармактардын жана сырткы көрктөндүрүү элементтеринин бүтүндүгү

 

8.36. Шаар көчөлөрү, анын курамына кирген бардык курулуштары менен бирге (көпүрө, труба, автотранспорттук курулмалар) шардык жол фондун түзөт. Шаар жолдорун пайдалануучулардын баары жана жол уюмдары бул Эрежелердин талаптарын аткарууга милдеттүү.

8.37. Жайыл районунун милиция органдары жана Жол коопсуздугу бөлүмү жолдордун бүтүндүгүнө көзөмөл жүргүзүшөт жана мэрияга жолдордун, сырткы көрктөндүрүү элементтеринин бүтүндүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүшөт.

8.38. Курулуш компаниялары курулуш баштала электе таштанды ташыган атайын ишканалар менен таштанды чыгаруу боюнча келишим түзүшү керек жана тротуарлардын, шаар көчөлөрүнүн, жол курулмаларынын, жашыл бак-дарактардын, курулуш аймагындагы ирригациялык элементтердин бүтүндүгүн камсыз кылышы керек, ошондой эле курулуш убагында бузулган көрктөндүрүү элементтерин жана жашыл бак-дарактарды толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш.

8.39. Жер алдындагы инженердик коммуникацияларды тейлеген уюмдар, тротуарларда, унаа жүрүүчү жол бөлүктөрүндө жана башка аймактардагы люктардын, кудуктардын  капкактарыжол кыртышы менен бирдей деңгээлде экенине, жабык жана жарактуу абалда экенине көз салышы керек. Эгер кандайдыр бир зыянга учуроо, жарактан чыгуу катталса, алар дароо тосулуп, ал жер алдындагы коммуникациялар карамагында турган уюм тарабынан бир сутканын ичинде жарактуу абалга келтирилиши керек.

8.40. Жолдорду ремонттоо учурунда чыккан асфальт сыныктары ал иштерди аткарып жаткан уюм тарабынан магистралдардан дароо жумуш учурунда чыгарылышы керек, башка көчөлөрдө, короо аймактарынан бир сутканын ичинде чыгарылат. Асфальт калдыктарын газондордо, жашылдандыруу аймактарында чогултууга тыюу салынат.

8.41. Унаа жүрүүчү жол бөлүктөрүндө, тротуарларда, газондордо топурак жана курулуш таштандыларын жумуш бүткөндөн кийин калтырууга тыюу салынат.

 

Жол белгилери, тосмолор, жол чийимдери, светофордук чарба

 

8.42. Автомобиль жолдору Жайыл райондук жол коопсуздугу боюнча бөлүмү тарабынан тиешелүү тартипте иштелип чыккан жана бекитилген светофордук объектилер, жол белгилери, тосмолор, чийимдер менен жабдылышы керек.

Жол белгилеринин ремонту жана жок белгилерди орнотуу жыл ичинде атайын адистешкен ишкана тарабынан, эксплуатациялаган уюм тарабынан, баланста кармоочулар анын ичинде МКБ ээлери, унаа коюучу жайлардын ээлери жана башка ведомстволук уюмдар тарабынан аткарылат.

Жол белгилеринин техрникалык абалы ченемдик талаптарга жооп бериши керек, алар таза, эч кандай зыянга учурабаган абалда болушу керек.

Жол белгилер орнотулган таянычтар атайын адистешкен ишкана, эксплуатациялаган уюм же баланста кармоочулар тарабынан сырдалып турушу керек.

Жол белгилеринин эксплуатациялык мөөнөтү бүткөндөн кийин алар атайын адистешкен ишкана, эксплуатациялаган уюм же баланста кармоочулар тарабынаналмаштырылууга тийиш.

Убактылуу орнотулган белгилер анын себеби жоюлгандан кийин бир сутканын ичинде алынышы керек.

8.43. Светофордун деталдары же ал бекиген таянычтар кандайдыр бир бузулууларга, коррозияга кабылбашы керек.

Жарык чачыраткычта эч кандай жараңка, сынык болбошу керек.

Жарык чачыраткычка түшүрүлгөн символдор кеминде 50 метр жерден так көрүнгөңдөй болушу керек, ал эми светофордун сигналы 100 м жерден көрүнүшү керек.

Жарык берүү булагы жарактан чыккан учурда бузулуу аныкталгандан кийин 72 сааттын ичинде алмаштырылууга тийиш.

8.44. Көчөлөрдүн кооптуу участкалары тосмолор менен тосулушу керек.

Жөө адамдар үчүн бөлүнгөн жерлер тосмолор, тиешелүү жол белгилери, жол чийимдери менен белгилениши керек.

Зыянга учураган тосмо элементтери атайын адистешкен ишкана же тосмолорду балансында кармоочулар тарабынан бир сутканын ичинде калыбына келтирилип же алмаштырылышы керек.

Жол чийимдери жыл сайын жаңыртылып турушу керек.

8.45. Маалыматтык багыт көрсөткүчтөр, километрдик белгилер, парапеттер жана башка белгилер мамлекеттик стандартка ылайык сырдалып, жуулуп таза кармалууга тийиш.

Багыт көрсөткүчтөрдөгү жазуулар так көрүнгөндөй болушу керек.

 

Толук комплекттенбеген таштанды автотранспорт

8.46. Шаардын аймагындагы бөлүктөрү толук эмес болгон ташталган транспортту аныктоо ММБ, Жайыл райондук жол коопсуздугу бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.

8.47. Бөлүктөрү толук эмес болгон ташталган транспортту аныктоо, учетко алуу, эвакуациялоо боюнча жоопкерчилик ММБ, аймакты балансында кармоочулар, жер тилкелеринин арендатоорлоруна жүктөлөт.

8.48. Жайыл райондук жол коопсуздугу боюнча бөлүмдүн транспорттук каражаттын ээси жок деген бүтүмүнөн кийин 5 күндүн ичинде транспорттук каражат сактоочу жайга жеткирилет.

8.49. Бөлүктөрү толук эмес болгон ташталган транспорттун ээси табылган учруда 3 күндүн ичинде ээсине Жайыл райондук жол коопсуздугу боюнча бөлүмү транспорттук каражатты алып кетүү боюнча билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү, эгер ал баш тартса, ал транспорттук каражатты сактоочу жайга жеткирип, транспортту жеткирүү жана сактоого кеткен каражатты төлөтүп алуу үчүн ишти сотко жөнотөт.

8.50. Бөлүктөрү толук эмес болгон ташталган транспортту эвакуацилоого Жайыл райондук жол копсуздугу бөлүмү көзөмол жүргүзөт.

 

Фонтандар

 

8.51. Фонтандардын абалы жана эксплуатациясына аларды балансында кармоочулар жооптуу.

Фонтандарды иштетүү, алардын иш тартиби, жууп-тазалоо графиги, технологиялык тыныгуулары жана ишин токтотуу графиги Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан аныкталат.

Фонтандар иштеп турган мезгилде суунун үстүн таштандылардан тазалоо зарыл болгон учурларда жүргүзүлөт, бирок кеминде жумасына бир жолу. Балансында кармоочулар фонтандарды алар өчүп турган мезгилдерде да таза кармоосу керек.

 

Ирригациялык тармактардын бүтүндүгү

 

8.52. Бардык ирригациялык тармактар: магистралдык каналдар, бөлүнүүчү жана кичи ирригациялык тармактар, гидротехникалык курулмалар, сугат суу түтүктөр системалары, жаан дренаждык тармак, чогултулган коллекторлор, көлмөлөр – кайда жайгашканына карабай, көчөдө, парктарда, турак-үйлөрдө болбосун – шаардык ирригациялык чарба болуп саналат.

8.53. Ирригациялык тармактардын бүтүндүгүнө болгон жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

– бардык бөлүштүрүүчү магистралдык каналдар жана суу берүүчү ирригациялык тармактар боюнча, кургатуучу коллектордук-дренаждык ачык жана жабык тибиндеги тармактар,  Кара-Балта суусундагы шаардын чегиндеги жээктерди коргоочу дамбалар,  магистралдардагы, скверлердеги, буьварлардагы, көчөлөрдөгү бөлүштүргүч ирригациялык тармактар, сугат суу түтүктөр системасы боюнча – ММБ;

– кварталдар ичиндеги ирригациялык тармактар боюнча – турак ээлеринин шериктештиги, кондоминиумдар, ошондой эле турак-жай-эксплуатациялык уюмдар (атайын келишимдин негизинде);

– жеке турак-жай массивдеринин ичиндеги ирригациялык системалар боюнча – муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер, уй курулуштарынын ээлери;

– ишкана, уюм, мекемелердин аймагындагы ирригациялык тармактар боюнча – ал уюмдардын жетекчилери.

8.54. Жаңы тармактарды куруу же мурдагыларын реконструкциялоо бекитилген тартипте макулдашылышы керек.

 

Кичи архитектуралык формалар

 

8.55. Жалпы пайдалануудагы шаардын аймактарына кичи архитектуралык формаларды, монументалдык-декоративдик жасалгалоо элементтерин, коммуналдык-тиричилик, техникалык жабдыктарды, отургучтарды, көчмө жана вертикалдуу жашылдандыруу үчүн жабдууларды куруу жана орнотуу архитектура жана шаар куруу кызматтары, аймакты балансында кармоочулар менен макулдашуу аркылуу гана жүргүзүлөт.

8.56. Кичи архитектуралык формалардын, монументалдык-декоративдик жасалгалоо элементтеринин конструктивдик чечимдери бекем жана пайдаланууда коопсуз болушу керек.

8.57. Отургучтар жердин катуу катмарына же фундаментке орнотулушу керек. Эс алуу жайларында, токой тилкелеринде, балдар аянтчаларында отургучтарды жумшак жерлерге орнотууга жол берилет. Фундамент бар болгон учурда анын бөлүктөрү жер үстүнө чыгып турбашы керек.

8.58. Кичи архитектуралык формалар, бакчалык-парктык эмеректер жакшы абалда кармалып, жыл сайын 1-майга чейин жуулуп, сырдалышы керек.

8.59. Кичи архитектуралык формаларды кароо аларды балансында кармоочуларга жүктөлөт:

8.59.1. Жазында кичи архитектуралык формаларга тыкат кароо жүргүзүлөт, сынган бөлүктөрү, бекиткичтери алмаштырылат. Эски жыгачтар мурдагы сырдын тактарынан, темир бөлүктөрү даттан тазаланат, андан соң аларжуулуп, кургак чүпүрөк менен кургатып сүрүлөт. Кургаган темир конструкциялар чачкыч менен тегиз сырдалат, темир бөлүктөрү кол менен сырдалат.

8.59.2. Гүл вазалары жана урналар жазында жуулат, мурдагы сыры тазаланып, анан кол менен же атайын чачкыч менен сырдалат. Андан соң ордуларына коюлат.

8.59.3. Гүл вазалары менен урналардын сырткы келбетин жана санитардык-гигиеналык абалын жакшы деңгээлде кармап туруу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

– сынган же бузулган бөлүктөрүн өз убагында тазалап же ремонттоо керек;

– сыртын суу чүпүрөк менен сүртүп, кир болуп калган жерлерин тазалоо керек;

– ташталган таштандыларды, түшкөн жалбырактарын, куураган бутактарын алып туруу керек.

8.59.4. Жай мезгилинде кичи архитектуралык формаларга дайыма кароо жүргүзүп, өз убагында ремонттоп же алып салуу керек, жуучу каражаттарды пайдалануу менен бир нече жолу жууп туруу керек.

8.59.5. Спорт аянтчаларын, балдар аянтчаларын, ареналарды жасалгалоого пайдаланылган кичи архитектуралык формаларга өзгөчө көңүл бөлүү керек. Алар дайыма жакшы абалда кармалып, бардык бөлүктөрү бекем, бири-бирине бышык бекитилиши керек.

8.59.6. Жашылдандырылган аймактардагы жарыктандыргычтарга электр энергиясын жеткире турган кабелдер атайын адистешкен ишкана тарабынан дайыма көзөмолгө муктаж.

8.59.7. Дарактарды курчаган тосмолорду мезгил-мезгили менен көтөрүп, ремонттоп, тазалап сырдап туруу керек.

8.59.8. Жашылдандырылган аймактагы декоративдик парк скульптуралары, монументалдык скульптура, чатырчалар таза жана жакшы абалда кармалышы керек.

 

  1. Жашыл бак-дарактар

 

Жалпы жоболор

 

9.1. Жашылдандырылган аймактар Кара-Балта шаарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Архитектура мнен катар жашылдандыруу объектилери шаардын сырткы келбетин калыптандырууга катышат, санитардык-гигиеналык, жаратылышты коргоо, чөйрөнү коргоо, чөйрөнү калыптандыруучу, эс алдыруучу, ландшафттык-архитектуралык, маданий жана илимий мааниге ээ.

9.2. Абанын өтө газдашуусу жана чаңдын көптүгү, аба менен жер кыртышынын температуралык жана суу режиминин озгөчөлүктөрү, жер кыртышынын химиялык жана физикалык-механикалык начар касиети, таш, бетон каптамалардын болушу, көчө, аянттардын асфальт менен төшөлүшү, жер алдындагы тамыр тараган зоналарда коммуникациялар менен курулмалардын болушу, шаар калкынын шаардагы жашыл объектилерди өтө көп пайдаланышы шаардагы экологиялык чөйрөнүн өзгөчөлүү болушун щшарттайт жана ал чөйрөнүн табигый шарттан кескин айырмаланышы өсүмдүктөрдүн биологиялык жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн пайда кылат.

9.3. Экологиянын өзгөрүшү менен өсүмдүктөрдүн адаптациялык жөндөмү начарлайт, өсүүсү токтойт, зат алмашуу процессинун туруктуулугу бузулат б.а. шаар чөйрөсүнүн өзгөрүп туруучу факторлоруна ыңгайлашуусу начарлайт, натыйжада өсүмдүк организминин мөөнөтүнөн эрте карышына алып келет.

9.4. Жашыл бак-дарактарды айлана-чөйрөнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен багуу эрежелерин сактоо, шаардагы түбөлүктүү декоративдүү жашыл бак-дарактарды пайда болушуна негизги шарт болуп саналат.

9.5. Жашылдандырылган аймактардын жайгашкан орду жана чек арасы тарыхый жактан калыптанып калган планын жана табигый компоненттерин – рельеф, акватория, ландшафтын эске алуу менен шаардын генералдык планынын негизинде аныкталат.

 

  1. Жашыл бак-дарактарды багуу-кароо, шаар аймагын жашылдандыруу

 

Жашыл бак-дарактарды багуу-кароо

 

10.1. Жашыл бак-дарактарды багуу-кароого өзгөчө көңүл бөлүнүшү керек, анткени шаардагы аба жана жер катмары өсүмдүктөрдүн табигый биологиялык касиеттерикалыптанган шарттардан кескин айырмаланат.

Жашыл бак-дарактарды багуу бул Эрежелердин жана жашыл бак-дарактарды багуунун ченемдик-өндүрүштүк регламенти менен тескелет.

10.2. Жашылдандыруу объектилерин кароо-багуу–өз ичине төмөнкүлөрдү камтыган иштердин комплекси:

– күнүмдүк ремонт иштери;

– бак-дарактарды, бадалдарды, гүлдөрдү багуу боюнча иштери – азыктандыруу, сугаруу, топурагын жумшартуу, отоо, зыянсыздандыруу, оору-илдеттерден коргоо, сууктан коргоо, жер семирткичтерди ташып келүү, куураган жана кулай турган бактарды кыюу ж.б.;

– газондорду багуу иштери–тырмоо, жумшартуу, азыктандыруу, сугаруу, отоо, таштандылардан арылтуу, газондун жээгиндеги чөптөрдү жулуу, уулуухимикаттар, гербициддер менен иштетүү;

– бак-дарактардын лункаларындагы темир торчолорду көтөрүү, орнотуу;

– газон бортторун тазалоо, жуу;

– скверлерди, бактарды тосуу;

– гүлдөрдү, гүл вазаларын багуу иштери – уругун себүү, түптөрүн жана көчөттөрүн отургузуу, сугаруу, жумшартуу, отоо, азыктандыруу, өсүмдүктөрдү коргоо, таштандыдан арылтуу ж.б. жумуштар;

– компенсациялык жашылдандыруу.

10.3. Жашыл-бак дарактарды тиешелүү деңгээлде багуу, кам көрүү жоопкерчилиги төмөнкүлөргө жүктөлөт:

10.3.1. Жалпы пайдалануудагы аймактарда – парктарда, скверлерде, бульварларда, шаар көчөлөрүндө жана магистралдарында–ММБ.

10.3.2. Чектелген пайдалануудагы аймактарда:

– калк жашаган кварталдарда жана кварталдар ичиндеги участкаларда–турак-жай жана квартал комитеттери, турак ээлеринин шериктештиги, кондоминиумдар, турак-жай-курулуш кооперативдери, курулуштардын арендаторлору, жер участкаларынын ээлери;

– жарандык, өнөр жай курулуштарында, калкты тейлеген ишкана, уюмдардын, саламаттыкты сактоо, илим, маданият, билим берүү мекемелеринин аймагында – бул уюмдардын жетекчилери.

10.3.3. Атайын максаттагы аймактарда – санитардык-коргоо, суу коргоо, өрткө каршы зоналары бар ишкана, уюмдардын жетекчилери, темир жол боюндагы, көрүстөн питомниктердин жанындагы аймактарда – бул ишканалардын жетекчилери.

10.3.4. Жеке менчик курулуштардын аймагында – жер участкалардын ээлери.

10.3.5. Менчигинин формасына карабай ишкана, мекеме, уюм, чарбалык субъектилердин аймагында – бул субъектилердин жетекчилери.

10.3.6. Курулушка бөлүнгөн аймактарда–жер тилкеси бөлүнүп берилген жеке адам же юридикалык тарап жооптуу, ал эми курулуш иштери башталган күндөн баштап – подряддык уюмдардын жетекчилерине да жоопкерчилик жүктөлөт.

10.4. Жашыл бак-дарактарды сугаруу.

10.4.1 Бак-дарактар жана башка жашыл өсүмдүктөр, өзгөчө шаар көчөлөрү менен магистралдарындагы өсүмдүктөр дайыма сугарууга муктаж, алардын тамырлары тиешелүү деңгээлде нымдуулукту сактап турушу керек. Бак-дарактардын эң мыкты өсүшүнө жер кыртышынын нымды сактоо жөндөмүнүн 60 пайызын камсыз кылган учурда жетишүүгө болот.

10.4.2. Сугаруунун нормалары жана канча жолу сугаруу керектиги аба ырайыынын шарттарынан, жер кыртышынын механикалык курамынан, нымдуулугунан, дарактардын түрүнүн нымдуулукту сүйгөн же сүйбөгөнүнөн, тамыр системасынын тереңдиги жана жазылыгынан көз каранды. Орточо эсеп менен бактарды сугаруу дарактын түбүндөгү жер кыртышы жеңил механикалык курамда болсо 1 кв.метрге 30 литр суу эсебинде сугарылат, оор механикалык курамдагы жер кыртышында 50 литрге чейин. Сугарунун жыштыгы кумдуу кыртыштарда чополуу кыртыштарга караганда жогорураак болушу керек.

10.4.3. Сугаруунун жыштыгы кургак климат шартында май айынан октябрь айына чейинки  аралыкта 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.

10.4.4. Түп жагы торчолор менен кармалган дарактарды сугаруу ал тосмолор алынгандан кийин гана жүргүзүлүшү керек. Сугаруу иштери, лункаларга топурак себүү бүткөндөн кийин тосмолор кайра ордуна коюлат.

10.4.5. Газон тилкесине отургузулган бактарды сугаруу сугат суу түтүктөрүнүн же сугат машиналарынын  жардамы менен сугарылышы керек. Сугат бүткөндөн кийин отоо чөп пайда болбошу үчүн лункалар 2-3 см ге жумшартылышы керек.

10.4.6. Бак-дарактар топ-топ болуп же газондордо бирден өскөн скверлерде, бактарда, парктарда бактарды сугаруунун эң мыкты жолу арыктагы сууну кое берип, жашыл өсүмдүктөрдүн баарын жалпы сугаруу.

10.4.7. Жашыл бак-дарактарды, өсүмдүктөрдү ирригациялык системалардан сугарууга мүмкүнчүлүк жок болсо баланста кармоочу же сугат суу түтүгүн жабдуусу керек же атайын техника жалдап келиши керек.

10.4.8. Кургакчаыл жылдары күзгү жана жазгы нымдандыруу үчүн сугаттын үч жолку нормасын аткаруу керек, 10.42 пунктунда көрсөтүлгөндөй.

10.4.9. Дарактардын төбөсүнүн чаңын жууп, шымдаштыруу үчүн сугат машиналары менен суу чачыратуу керек.

Вегетация убагында мындай суу чачууну жалбырактуу дарактарга 5-6 жолу, ийне жалбырактууларга 8-10 жолу жүргүзүү керек.

10.4.10. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл өсүмдүктөрдү сугаруу атайын адистешкен ишкана, баланста кармоочулар, подряддык уюмдар тарабынан эртен менен саат 8.00-9.00дан кеч эмес же кечкисин 18.00-19.00дон кийин жүргүзүлөт.

10.5. “Жашыл тосмолордун” төбөсүн кыркуу, тегиздөө:

10.5.1. Шаардагы жашыл бак-дарак, өсүмдүктөдү туура багуу боюнча негизги иш чаралардын бири атайын окуудан өткөн бригадалар тарабынан бактардын төбөсүн кыркып туруу болуп саналат. Кыркуунун төмөнкү түрлөрү бар: санитардык, жашартуучу, формага келтирүүчү.

10.5.2. Санитардык кыркуу куураган, оорулуу, зыянга учураган бутактарды тазалоо болуп саналат. Ошондой эле бактын өзөгүнөн алыс кеткен бутактары да алар кулабашы үчүн же жаракат албашы үчүн сөзсүз түрдө кыркылат.

Санитардык кыруу жыл сайын вегетациялык мезгил учурунда жүргүзүлөт. Бирок бир жолу дароо көп сандагы чоң бутактарды кыюуга болбойт, ошондуктан акырындык менен бир жылда 1-2ден чоң бутактарды алып туруу керек.

10.5.3. Оорулуу жана кургак бутактар таза жерине чейин кыйылат, бутак эң түпкү негизинен так кесе кыйылат, ал эми жаңы чыгып келе жаткан бутакчалар “сырткы” бүчүрдүн үстүнөн ага зыян келбегендей кыйылат.

10.5.4. Формага келтирүүчү кыркыуулар бактын төбөсүнө тиешелуү форма берүү максатында жүргүзүлөт, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздеп, жол белгилерин, светофорлор көрүнгөндөй болуш керек.

Форма берүүчү кыркууну өсүмдүктөрдүн ширеси кыймылга келген мезгилде (апрель-май) жүргүзүгө болбойт.

Кыркуу учурунда өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек: төбөсүнүн формасын, жаш курагына жараша анын өзгөрүшү, кыркууну кандай көтөрө ала турганы, уйкудагы бүчүрлөрдү ойготуу мүмкүнчүлүгү.

10.5.5. Эркин өскөн бадалдар системалуу түрдө кыркылбайт. Мындай “жашыл тосмолордун” эски куураган бутактары жана өтө жыш жайгашан бутактары гана алынат. Эки-үч жылда бир жолу эркин өскөн “жашыл тосмолорду” “уйкудагы” мезгилде кыркып турушат.

10.5.6. Бирден өскөн бадалдар же бадалдардын тобун дайыма эле кыркыла бербейт. Гүл бүчүрлөрү бир кылка жайгашкан же өткөн жылы жаңы чыккан бутактын баш жагынан орун алса, мындай бадалдар кыркылбайт. Алардын гүлдөп бүткөн бутактары кесилет.

Ошол жылы жаңы өсүп чыккан бутакчалардагы гүл бүчүрлөрү бар же гүлдөп жаткан бадалдар жайдын орто ченинде же экинчи бөлүгүндө, жазында (өсүүсү башталганга чейин) же кеч күздө жаңы чыккан бутакчалары 1/2-1/3 кыскартылат, сортуна жана түрүнө жараша.

10.5.7. ТБак-дарактардын, бадалдардын жашартууга арналган терең кыркуу тиешелүү кызматтардан уруксат алынгандан кийин гана жүргүзүлөт.

10.6. Газондорду багуу:

10.6.1. Газондорду туура багуу өз ичине аэрация, кыркуу, тегиздөө, отоодон арылтуу, азыктандыруу, сугаруу, күзгүсүн түшкөн жалбырактардан тазалоо жана ремонттоо иштерин камтыйт.

10.6.2. Газондорду кыркуу атайын адистешкен ишкана тарабынан, газондорду балансында кармоочулар же келишим боюнча подряддык уюм тарабынан кыркылат,  чөптүн бийиктиги 15.20 см жеткенде мезгил-мезгили менен 7-10 см чейин кыркылып турат. Кыркылган чөп 3 сутканын ичинде чыгарылышы керек.

10.6.3. Кар эрий баштаган мезгилде бакчалардагы жолдорду, тротуарларды кардан тазалаганда пайда болгон кар чогундуларын копшоп коюу керек. Кар эрип, жер кыртышы кургай баштаганда партердик газондордун чөбү тырмоок менен эки тарапты көздөй тарап чыгуу керек. Чогулган эски жалбырактарды тазалап, жер кыртышын аба алмашкандай бузуп коюу керек.

Кадимки газондордо жалбырактарды кыймыл интенсивдүү болгон жазылыгы 10-25 метр болгон магистралдардын, парк жолдорунун жээктеринен гана тазалоо керек. Токой тилкелериндеги, парктардагы чоң газондордо, жолдордон алыс болсо жалбырактарды тазалап, чыгаруунун керегик жок, анткени бул органиканын жок болушуна, жер кыртышынын жакырланышына жана максатсыз эмгек жана материалдык чыгымдарга алып келет. Жалбырактарды өрттөөгө кескин тыюу салынат, анткени аларды кайра иштеткенден кийин өтө баалуу, өсүмдүктөр тарабынан жеңил кабыл алынган табигый жер семирткич болуп саналат.

Өнөр жай калдыктарынан улам аба жана жер кыртышы өтө булганган аймактарда жалбырактарды чогултуп, таштанды жайга чыгаруу керек.

10.6.4. Газондордогу отоону жок кылуу чабуу жана жулуу жолу менен жүргузүлөт. Жаш ката элек газондордо отоо кол менен жулунат.

Отоо чөптөр чоңойгонуна жараша гүлдөй электе жана урук чача электе жулунат.

10.7. Гүлзарларды багуу:

10.7.1. Кышында көп жылдык гүлзарлар түшкөн жалбырактар менен жабылат. Жабуунун алдында гүлдөрдү жаңы өсүп чыккан бутакчалары жана жерден 6-12 см бийиктиктеги жалбырактары кыркылат. Жалбырак жабуунун калыңдыгы 15-30 см болушу керек.

Жабуу иштери үшүк жүргөндөн кийин жүргүзүлөт.

10.7.2. Көп жылдык өсүмдүктөр жайдын аягында – эрте күздө отургузулат, жаңы отургузулган өсүмдүк суукка чейин тамыр алышы керек. Аларды созсүз түрдө сугаруу керек.

10.7.3. Декоративдик-жалбырактуу жайылма өсүмдүктөр түшүрүлгөн сүрөт так көрүнүшү үчүн бир сезондо кеминде эки жолу кыркылат.

10.7.4. Пияз сымал гүл өсүмдүктөрүн мезгил-мезгили менен казып алып туруу керек: нарциссти 4-5 жылдан кийин, сцилл, мускар, крокус 5-6 жыл, жоогазын, гиацинт, гладиолус, монтбреция жыл сайын.

10.7.5. Гүлзарлдардагы куурап калган, декоративдик келбетин жоготкон гүлдөр дароо алынып, ордуна башка отургузулушу керек.

10.8. Жолчолор менен аянтчаларды кароо:

10.8.1. Жолчолор менен аянтчаларды кароого аларды шыпыруу, таштандыларын тазалоо, карын күрөө, тайгалак болсо кум себүү ж.б. иштер кирет. Жолчолор менен аятчаларды эртең менен кыймыл көп баштала электе шыпыруу керек. Жөө адамдар көп баса турган бакча-парктардагы жолчолор, жана мемориалдык, тарыхый ж.б. жайларда бекитилген режимде шыпыруу, жууп-тазалоо иштери күнүгө жүргүзүлүүгө тийиш.

10.8.2. Кышкысын жолдор тоңгондо бакчалардагы жолчолор жана аянтчаларга кум же башка тайгалакка каршы материалдар себилиши керек.

10.8.3. Бакчалардагы-парктардагы жолчолор жана аянтчалар кардан тазаланууга тийиш. Кар ката электе жумшак кезинде күрөлөт. Кыймыл көп болгон жолчолордо кар жаап бүтөөрү менен кар тазаланышы керек.

10.8.4. Зарыл болгон учурларда жолчолорду ремонттоо иштери жүргүзүлөт. Кара жолчолордун боюндагы газон чачычалары кесилет, кара жолдордун үстүнө 2 см кум төгүлүп тапталат.

Үстүнө плита тизилген жолчолордун сынган бөлүктөрү алмаштырылат.

10.9. Жашылдандырылган аймактардын абалына тиешелүү турак-жай жана квартал комитеттери, ММБ жана башка ыйгарым укуктуу органдар көзөмөл жүргүзөт.

 

Аймакты жашылдандырууга даярдоо

 

10.10. Аймакты жашылдандырууга даярдоо иштерин түрттүрүп салынчу курулуштарды алуу, дүмүрлөрдү казуу, курулуш материалдарынын калдыктарын, таштандыларды тазалоо, топурак чогултуу, өсүмдүктөдү отургуза турган жерлерди аныктоодон баштоо керек. Курулуштардын калган аң-чөнөктөдү кум, чопо аралашкан топурак менен толтуруу керек. Жер кыртышын бузуп албоо үчүн аңдарды органикалык таштандылар менен же кандайдыр бир химиялык өндүрүштүн калдыктары менен толтурууга болбойт.

Майда органикалык таштандыларды (таарынды, жалбырак ж.б.) топурак менен аралаштырганга болот.

10.11. Өсүп турган бактарды коргоо максатында топурактын бийиктик деңгээлин көтөүү зарылдыгы болсо, өзөгүн курчай кургак кудук жана дренаждык система түзүү керек, ал эми өсүмдүктөдүн бүтүндүгүн сактоо үчүн топурактын бийиктик деңгээлин төмөндөтүү зарыл болсо терраса системасын пайдалануу керек же дарактын түбүндөгү тамырларын коргой турган топурак катмарымменен себүү керек, бирок дарактын тамыр моюнчасын көмүп салбоо керек.

10.12. Коргоого алынган жашыл өсүмдүктөр зонасына топурак себүүдө  дарактардын лункасынын жана стаканынын өлчөмү төбөсү 0,5 см кем эмес, дарактын өзөгү жайгашкан жердин бийиктигинен 30 см ашпаган бийиктикте болушу керек.

10.13. Аймакты куураган же начар абалдагы дарактардан тазалоо дарактарды ордунан бутап, кийин чыгарып кетүү жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.

Дүмүрлөрдү дүмүр таарыгыч же корчеватель менен алуу керек.

10.14. Кайра отургузула турган дарактар менен бадалдарды жашыл өсүмдүктөдү кайра отургуу Эрежелерине ылайык казып, ошол же башка аймакты жашылдандырууга пайдалануу керек.

10.15. Аймакты жашылдандыруу ал жер курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалангандан кийин, жер алдындагы коммуникация, курулмалар, жолдор, унаа өтүүчү жолдор, тротуарлар, аянтчалар жана тосмолор салынгандан кийин жүргүзүлөт.

10.16. Курулуш аянтчасында өсүмдүк өсүүчү топуракты даярдоо жана андан ары аны пайдалануу СНжЭ ылайык тескелет.

10.17. Аймакты жашылдандырууга пайдалана турган өсүмдүк өсүүчү топурак жер кыртышынын биринчи катмарын алуу менен даярдалышы мүмкүн.

10.18. Кышында ири көлөмдөгү көчөттөрдү отургузууга арналган аңдарды, жумуш баасын арзандатуу максатында, күзүндө же кыштын башында, жер эрүү кезинде же бир аз тоңо баштаган кезде даярдап коюу сунушталат.

Аң казылгандан кийин капталдары жана түбү тезигделет жана тазаланат, жанына тамырды көмө турган топурак даярдалат. “Жашыл тосмолор” отургузула турган аңдарга өсүмдүк өсүүчү топурак ¾ көлөмдө салынат, калган топурак жанына төгүлөт.

 

Көчөттөргө коюлуучу талаптар

 

10.19. Питомниктерден алынган көчөттөр сапаты жана параметрлери жагынан мамлекеттик стандарттын жана бул Эрежелердин талаптарына жооп бериши керек.

10.20. Токой өсүмдүктөрүнөн көчөт тандоого тыюу салынат.

10.21.Шаар аймагына начар абалдагы, сырткы көрүнүшү бузулган, жаракаты бар, зыянга учураган, оорусу бар дарактар менен бадалдарды алып келүүгө жана отургузууга кескин тыюу салынат.

10.22. Өсүмдүктөрдүн ремонт, реконструкция жана реставрация иштери үчүн стандартта каралган ири көлөмдөгү өсүмдүктөр пайдаланышы мүмкүн.

10.23. Көчөттөрдү республиканын башка облустарынан же башка өлкөдөн алып келүүдө, ар бир партияүчүн  өсүмдүктөр карантини боюнча Мамлекеттик инспекциянын карантиндик фитосанитардык сертификаты болушу керек.

Көчоттөдү питомниктерде алган учурда өсүмдүктөрдүн ички карантин эрежелерин сактоо керек, шаарды жашылдандыруу объектилерине коркунучтуу зыянкечтерди, илдеттерди, отоо чөптөрүн киргизбөө керек.

 

Бак-дарактарды, бадалдары отургузуу

 

10.24. Аймактарды жашылдандыруу иштери атайын адистешкен ишкана же уюмдар тарабынан же алардын көзөмөлү алдында агротехника, СНжЭ сактоо менен, Генералдык план же долбоордук-сметалык документациялардын негизинде, эң ыңгайлуу мөөнөттөрдө, өсүмдүктөрдүн жалбырактары чыга электе же өсүмдүктөрдүн организминде физиологиялык процесстердин активдүүлүгү төмөн кезде жүргүзүлөт.

10.25. Ири көлөмдөгү дарактар терек, клен, осина, кайың кайра отургузууга жарабайт.

10.26. Ири көлөмдөгү дарактарды кайра отургузуу сөзсүз түрдө ММБ жана айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу керек.

10.27. Шаарда гүлдөгөн учурда аймакты булгаган жана массалык түрдө аллергия чакырган ургаачы теректерди жана башка өсүмдүктөрдү отургузууга тыюу салынат.

10.28. Дарактар менен бадалдарды курулуш эрежелери жана нормаларына ылайык отургузуу керек, маселен, имараттардын, курулуштардын дубалдарынан канча аралыкта болуш керектиги тескелет. Муну менен бирге  кесилиштерде жол көрүнбөй калбашы үчүн бийиктиги 0,5 метрден ашкан бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат. Тамыр системасы абдан өнүккөн өсүмдүктөрдү инженердик коммуникация аймагына жана ага жакын жерге отургузууга тыюу салынат.

 

Таблица
Курулуштар менен өсүмдүктөр отургузулган жердин ортосундагы аралык

 

Курулуш элементи Аралык – метрге чейин
дарак бадал
Имарат менен курулуштардын сырткы дубалы 5,0 1,5
Тротуардын, бакчалардагы жолчолордун жээги 0,7 0,5
Көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгүнүн чети, жолдун четинин бекитилген кромкасы, арыктардын кыры 2,0 1,0
2 метрге чейинки тосмолор 2,0 1,0
2 метрден бийик тосмолор 4,0 1,0
Террасса откосторунун таманы ж.б. 1,0 0,5
Тирөөч дубалдардын ички кыры же таманы 3,0 1,0
Жер алдындагы коммуникациялар, газ түтүгү, канализация 1,5
Жылуулук тармактары канал дубалдарынан 2,0 1,0
Суу түтүгү, дренаж 2,0 1,0
Күч кабели жана байланыш кабели (трубанын ички бетинен) 2,0 0,7
Труба менен корголгон жер алдындагы коммуникация тармактарынан (дубалдан) 1,0 0,5

 

Эскертме: 1. Келтирилген ченемдер төбөсүнүн диаметри 5 метрден ашпаган дарактарга тиешелүү, төбөсүнин диаметри чоң бактар үчүн аралык дагы чоңойтулушу керек.

10.29. Магистралдардын боюнда отургузулган дарактар менен бадалдардын аралыктары төмөндө көрсөтүлгөн таблицага ылайык аныкталат.

 

Таблица
Магистралдардагы дарактар менен бадалдардын болжолдуу аралыктары

Газон Дарактар менен бадалдардын аралыктары, м
Бир катар отургузулган дарактар 5-6
Эки катар отургузулган дарактар 7-8
Бир катар отургузулган бадалдар  
Бийик (1,8 метрден ашуун) 0,5-1
Орточо жана жапыз 0,3-0,4
Топ менен тигилгендер:  
Дарактар 5-7
Бадалдар 0,3

Эскертме: Бадалдарды көп катар кылып отургузганда тилкенин жазылыгын 1,5-2 метрге өсүмдүктөдүн ар бир катары үчүн кеңейтүү керек.

10.30. Тамырындагы топурагы менен чогуу казылган өсүмдүктөдү жүктөө жана тушүрүү иштерин атайын даярдыгы бар, мындай жумуштарды аткарууга атайын уруксаты бар бакча кызматкерлери аткарышы керек.

10.31. Бак-дарактарды, бадалдарды отургузуу иштерине көзөмолдү күчөтүү жана өсүмдүктөрдүн жашап кетишин жакшыртуу максатында, аткарылган жумуштар боюнча жылына эки жолу ММБ маалымат берип туруу керек.

10.32. Бак-дарактардын өсүп кетишин текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү акт түзүлөт.

10.33. Үйлөрдүн жанындагы аймактарга жаңы өсүмдүктөр, айрыкча дарактарды отургузуу тиешелүү тартипте, СНжЭ жана бул Эрежелерге ылайык жүргүзүлүшү керек.

 

Газондорду уюштуруу

 

10.34. Газондор жолдордун унаа өтүүчү бөлүгүнөн ылдый жайгаштырылышы керек жана атайын даярдалган топуракта 0,05-0,06 пайыз эңкейишти сактоо менен себилиши керее. Өсүмдүк өсүүчү топурактын калыңдыгы кадимки, партердик жана мавритан газондорунда 20 см, спорттук газондордо 25 см болот.

Партердик жана спорттук газондорду себүүдө сөзсүз түрдө топурак эленип, керексиз өсүмдүктөрдүн тамырлары калып калбагандай тазаланышы керек жана гербициддер менен иштетилиши керек.

 

  1. Жашылдандырылган аймактардагы өсүмдүктөдү коргоо

 

11.1. Шаардын аймагындагы жана шаар четиндеги бардык жашыл өсүмдүктөр Кара-Балта шаарынын бирдиктүү жашыл фондун түзөт жана коргоого алынат.

11.2. Жашылдандырылган аймактардагы өсүмдүктөдү коргоо– бул административдик-укуктук, уюштуруу-чарбалык, экономикалык, архитектуралык-пландоо жана агротехникалык иш чаралардын системасы, алардын бардыгы жашыл өсүмдүктөрдү калыбына келтирүү, абалдарын жакшыртууга багытталган.

Жашыл өсүмдүктөрдү коргоо шаардын ар бир жашоочусунун милдети болуп саналат. Пакртарда, скеверлерде жана башка эс алуу жайларында эс алган бардык адамдар тазалыкты жана тартипти сактоого милдеттүү. Өсүмдүктөргө аяр мамиле кылып, мыйзам бузуучулар менен күрөш жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүлөрү керек.

11.3. Өз аймагында жашыл өсүмдүктөр бар ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилери, менчигинин формасына карабай жана ошондой эле юридикалык тараптар, жеке адамдар бул Эрежелердин 10.3.1 – 10.3.6 пункттарына ылайык жашыл өсүмдүктөрдү багуу жана коргоо жоопкерчилиги жүктөлөт, алар төмөнкүлөргө милдеттүү:

– өсүп турган өсүмдүктөрдүн толук бүтүндүгүн, зыянга учурап же жок болушунан коргоону камсыз кылуу, жана ошондой эле зыянкечтерден, отоодон, илдеттерден коргоо;

– Бул Эрежелердин жана башка ченемдик документтердин талаптарына ылайык жашыл өсүмдүктөргө өз убагында адистешкен кам көрүү жана өсүмдүктөр реконструкциясы боюнча иштерди өз күчү менен жүргүзүү же атайын адистешкен ишканаларды тартуу;

– өсүмдүктөр өскөн аймактардын тиричилик жана өнөр жай калдыктар, курулуш таштандылары жана башка зыяндуу заттардын басып кетишине жол бербөө;

– жайында, кургакчыл аба ырайында газондорду, гүлзарларды, дарактарды, бадалдарды сугаруу;

– газондордун тебеленишине, аларга таштандыларды, курулуш материалдарын, кум, топурак, кар, муз чогултууга жол бербөө;

– жаңы бак-дарактарды отургузуу, жол тармактарынын планын өзгөртүү жана жабдыктарды орнотуу менен кайра пландоо, тиешелүү тартипте бекитилген долбоор боюнча гана агротехникалык шарттарды катуу сактоо менен гана ишке ашат;

– багуу жана ремонттоо процессиндеги бардык бак кыюу же отургузуу бул Эрежелердин талаптарына жана технологиялык решламентке ылайык гана жүргүзүлөт;

– жашылдандырылган аймакта көлмө бар болсо аларды таза кармоо керек жана 10 жылда кеминде бир жолу капиталдык тазалоо иштери жүргүзүлүшү керек;

– жылдык сметада өсүмдүктөрдү багууга каражат каралышы керек.

11.4. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

– уруксат берилген бак кыюу же кыркуудан башка учурларда өсүмдүктөргө зыян келтирип, жок кылууга;

– тиешелүү кызматтар менен макулдашпай туруп өз алдынча бак-дарактарды кыюуга же отургузууга, бакча жабдыктарын орнотууга, газондорду уюштурууга же жок кылууга;

– бакча-парктардын жолдорун тазалоодо чыккан таза кардан башка таштанды, кар, муз чогултууга;

– газонду кирдетүүгө;

– жалбырактарды өрттөөгө, аларжы лотокторго шыпырып салууга, бак-дарактардын, бадалдардын түбүнө үйүп салууга;

– от жагып, өрт коопсуздук эрежелерин бузууга;

– дарактарга гамактарды, селкинчектерди, кир жайчу аркандарды илгенге, мык какканга, рекламалык щиттерди, багыт көрсөткүчтөрдү орнотууга, электр зымдарын, гирлянддарды, тикенек зымдарды ж.б. менен дарактарга зыян келтиргенге;

– дарактардан сок алууга, кабыгын кесүүгө, тилүүгө, жазуу жазууга жана башка механикалык зыян келтирүүгө;

– бекитилген эрежелер боюнча макулдашпай туруп инженердик коммуникациялар үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;

– газондорго жана башка жашылдандырылган участкаларга унаа менен жүрүүгө жана унаа токтотууга;

– курулуш материалдарын жана башка таштандыларды газондун үстүнө чогултууга;

– гүлдөрдү үзүүгө, бак-дарактардын бутагын сындырууга;

– балдар мекемелеринин, спорт, медицина мекемелеринин, мектептердин, коомдук тамактануу жайларынын, дарыялардын суу коргоо зоналарынын, суу менен камсыз кылуу булактарынын биринчи жана экинчи санитардык коргоо поясынын, адамдар жашаган үйлөрдүн жанында пестициддерди колдонууга;

– парктарда, скверлерде, бульварларда, көчөлөрдө жана короолордо бактардын өзөгүн актоого жана сырдоого, өзгөчө ийне жалбырактуу дарактар менен кайыңдарды.

Дарактарды акиташ менен актоого же башка атайын каражаттар менен сырдоого санитардык талаптар жогору болгон өзүнчө бир участкаларда гана жол берилет (коомдук дааратканалардын, таштандылар чогулган жерлердин, химиялык жана тамак-аш өнөр жай ишканаларынын жанында).

11.5. Бактардын бутактарынын электр зымдарына тийип, светофорлорду, жол белгилерин, көрсөткүч белгилерди, үй номерлерин жаап калышына жол берилбейт.

Бактардын бутактары электр зымдарына тийип, светофорлорду, жол белгилерин, көрсөткүч белгилерди, үй номерлерин жаап калган жерлерде өз убагында кыркуу иштерин жүргүзүүнү өсүмдүктөрдү балансында кармоочулар камсыз кылат. Кыркуу иштери электр линияларына ээлик кылгандар менен макулдашылган график боюнча иш өндүрүшүнүн технологиясынын сакталышына алардын көзөмөлү астында жүргүзүлөт.

11.6. Мыйзамсыз бак кыюу же бак-дарактарга зыян келтирүү үчүн мыйзамдардын негизинде келтирилген зыяндын орду толтурулат.

 

XII. Ар кандай максаттагы объектилерди долбоорлоодо жана курууда өсүмдүктөрдүн бүтүндүгүн коргоону камсыздоо

 

12.1. жашылдандырылган аймактарда жаңы курулуш, реконструкция, реставрация жана капиталдык ремонт боюнча бардык иштер, ошондой эле компенсациялык жашылдандыруу иштери тиешелүү тартипте макулдашылган, бекитилген долбоордук документациялар боюнча гана жүргүзүлөт.

12.2. Долбоордук уюмдар имараттардын, курулмалардын, транспорттук магистралдардын, инженердик коммуникациялардын курулушунун долбоорлорун иштеп чыгууда кыйыла турган ар бир дарактын санын көрсөткөн так съемка жасап, отургузулган өсүмдүктөрдү максималдуу түрдө сактап калууга аракет кылуулары керек. Жер алдындагы коммуникацияларды болушунча бош зоналарга жайгаштырып же бул үчүн техникалык тилкелерди пайдалануулары керек.

Генералдык план боюнча жалпы пайдалануудагы өсүмдүктөр үчүн каралган аймакка курулуш курууга тыюу салынат.

12.3. Курулуш үчүн жер участкасын тандоо актысын түзүүдө өсүмдүктөрдү, дарактар менен бадалдардын баалуу экземплярларын болушунча сактоо мүмкүнчүлүгү аныкталат.

12.4. Курулуш иштерин жүргүзүүдө курулуш жана башка уюмдардын милдети:

– өсүмдүктөр отургузулган зонада курулуш иштеринин башталышын аймактын юридикалык ээси менен макулдашат жана курулуш иштеринин бүткөндөн кийин 2 күндөн кечикпей бул туурасында билдирет;

– курулуш аянтчасын уюштурууда долбоордук документацияларда каралбаган бак-бадалдарды жок кылууга, бак-бадалдардын тамырларын, сөңгөгүн топурак менен бастырып салууга жол бербейт, аларды коргоо боюнча чараларды көрөт: тосуп коюу, төбөлөрүн кыркуу, сөңгөгүнө коргогуч байламаларды тагуу, бадалдардын баштарын байлап коюу, сөзсүз түрдө сугаруу менен коштолушу керек. Кыйылбай турган дарактар 2 метрлик щиттер менен тосулушу керек. Щиттер дарактын сөңгөгүнөн 0,5 метрден ке эмес ааралыкта жайгашышы керек;

– шаардагы унаа жүрүүчү жолдорго, аянттарга, короолорго, тротуарларга асфальт төшөөдө бактардын айланасынан диаметри 2 метрден кем эмес бош жер калтыруу керек, кийинчерээек темир-бетон же башка тосмо орнотулат;

– газондордо, гүлзарларда жана ошондой эле бактардан 2,5 метр, бадалдардан 1,5 метр аралыктагы жерлерде курулуш материалдарын төгүп же унаа токтотуу жайына айлантууга болбойт. Күйүүчү материалдарды бак-бадалдардан кеминде 10 метр алыс жерге сактоо керек;

– кран өтүүчү жерди жана аны орнотчу жерди өсүмдүктөр жок жерлерден тандоо жана дарактардын тосмоллорун бузбоо;

– дарактардын тамыр системасы тараган зонада иштерди негизги тамыр бутактары жайгашкандан ылдый жакта жүргүзүү (жер кыртышынын үстүнөн кеминде 1,5 метр ылдый), тамырга зыян келтирбөө;

– жаңы курулуштун бардык участкаларында өсүмдүк өсүүчү топуракты сактоо, аны акырын алып коюуну уюштуруу жана курулуш аятчасынын жээктерине кийин газондорду өстүрүүгө колдонуу үчүн жыйнап коюу же жыйналган түшүмдүү топуракты жашылдандыруу иштерине жумшоо үчүн башка жашыд чарбаларга берүү.

 

XIII. Жашылдандырылган аймактарды инвентаризациялоо

 

13.1. Муниципалдык менчиктеги жашыл өсүмдүктөрдү инвентаризациялоо ММБ тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт, шаар аймагындагы отургузулган өсүмдүктөдүн абалы, так саны туурасында так маалымат алуу максатында.

13.2. Жашылдандырылган аймактарды инвентаризациялоонун максаты:

– шаардагы отургузулган өсүмдүктөдүн санын билүү үчүн, аларды кароого финансы бөлүү үчүн абалын билүү үчүн, жерлердин тиешелүү категориясын аныктоо үчүн, коргоо статусун жана багуу режимин аныктоо үчүн;

– дарактар менен бадалдардын түрлөрүн, санын, категориясын, жашын, диаметрин аныктоо үчүн, ошондой эле газондор менен гүлзарлардын аянтын билүү үчүн;

– жашылдандырылган аймактарды багуу, ремонт жана реконструкция иштерин тескөө үчүн;

– өзгөрүүлөрдү өз убагында каттоо;

– жашылдандырылган аймактардагы жер пайдалануучуларды аныктоо жана алардын бүтүндүгү менен абалына жооптуу уюмдарды, юридикалык тараптарды же жеке адамдарды бекитүү үчүн;

– жашылдандырылган аймактардын инженердик-архитектуралык курулмалары жана жабдуулары бардыгын жана кимге тиешелүүлүгүн аныктоо үчүн (фонтан, эстелик, скульптура ж.б.);

– шаардын жашылдандырылган аймактарын туура пайдаланууну уюштуруу үчүн;

– статистикалык отчет жанашаардын жашыл чарбаларын өнүктүрүүнүн келечек планын иштеп чыгуу үчүн.

13.3. Шаар чегиндеги бардык жашылдандырылган аймактар, бекитилген чек арасы бар, жоопкер жер пайдалануучуларга (мекеме, уюм, ишкана же жеке адамдар) пайдаланууга берилген ( ээликке, ижарага) бардык жашыл аймактар инвентаризациялоодон өтүшү керек.

13.4. Жашылдандырылган аймакта жайгашкан курулуштардын паспортунда алардын функционалдык багыты менен паспорттоштурулган жашыл аймактын функциялары менен шайкештигин баалоо көрсөтүлөт, ошого жараша аларды чыгаруу же сактоо чечими кабыл алынат.

13.5. Жер участкаларына байланышкан сделкаларды каттоодо, жер участкасына укук өткөрүлүп жатканда, өсүмдүктөргө юридикалык тараптар же жеке адамдардын мыйзамсыз иш аракеттеринин кесепеттеринен олуттуу зыян келген учурда, ошондой эле жер участкасын курулуш үчүн бөлүп берүүдө плансыз инвентаризация жүргүзүлөт.

13.6. Плансыз инвентаризация жүргүзүү жана өсүмдүктөдүн категориясына жараша өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттери төмөнкүлөргө жүктөлөт:

– жерди пайдалануу, ээлик кылуу, жер участкасын тескөө укугу өтүп жаткан жооптуу жер пайдалануучуга;

– авария же өзгөчө кырдаалдарда же мыйзамсыз иш аракеттердин кесепетинен өсүмдүктө зыянга учураганда ММБнө.

13.7. Жашылдандырылган аймактарды паспорттоштурууда кичи архитектуралык формалар, имараттар, курулмалар, гидротехникалык курулмалар бар экени белгиленет, алар туурасында кыскача маалымат берилет.

 

XIV. Кара-Балта шаарын көркктөндүрүү Эрежелерин бузган юридикалык тараптардын, кызмат адамдарынын жана жеке адамдардын жоопкерчилиги

 

14.1. Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Респулдикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык дисциплинардык, административдик, жарандык-укуктук жана кылмыш жоопкерчилиги берилет.

14.2. Юридикалык тараптар менчигинин формасына, кайсы ведомствого тиешелүүлүгүнө карабай, Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.

14.3. Административдик жоопкерчиликке тартуумыйзам бузуучуларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Граждандык кодексине ылайык келтирилген материалдык зыянды төлөп берүү милдетинен жана келтирилген зыянды калыбына келтирүү милдетинен бошотпойт.