Кара-Балта шаардык кеңештин
ТОКТОМУ
2018-жылдын 19-февралындагы № 7 Кара-Балта шаардык кеңешинин Токтомуна жана уюштуруу-укук маселелери, коомдук, уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин ««Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» маалыматына ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Уюштуруу-укук маселелери, коомдук, уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин ««Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
2. «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобонун
- I бөлүмүндө пункттар толукталсын
- “соттолгондугу алынбаган жана соттолгондугу жоюлбаган (тындырылган) адамга «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылбайт”;
- «Кара-Балта жергиликтүү коомдоштуктун мүчөсү болбогон жана чет өлкөлүк жаранга коомдук-саясий зор маанилүлүүгү үчүн айкын түрүндө «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылат»;
- II бөлүмдө
- ««Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын бир жылда эки кандидаттан көп эмес (9 сентябрь) “Шаар күнүнө” карата ыйгарылсын» 2.3 пункту алынсын;
- 5. пунктунда “ күчүнө кирүү” кийин “айыптоо” сөзү менен кошумчалансын.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлү уюштуруу – укук маселелери, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Кара-Балта шаардык кеңештин
төрагасы А.А. Аалыев
04 апрель 2018 жыл