Кара-Балта шаардык кеңештин
ТОКТОМУ
Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 6-мартындагы № 01-5/263 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Балта шаарынын вице мэри Э.К.Орозбаковдун “Кара-Балта шаардык кеңештин “2011-жылдын 9-сентябрында № 2 Токтомунун 3-тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигинин негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы №1 тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.ө
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Кара-Балта шаардык кеңештин
төрагасы А.А. Аалыев
07 март 2018 жыл
Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигинин
негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
- Орозбаков Э.К., Кара-Балта шаарынын вице-мэри – комиссиянын төрагасы;
- Борисова Н.В., Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу ММБ башкы бухгалтери – комиссиянын катчысы.
КОМИССИЯ МҮЧӨЛӨРҮ:
- Дуйшенбиев Р.А. – шаардык кеңештин депутаты;
- Токомбаева М.Т. – шаардык кеңештин депутаты;
- Алымкулов У.Б. – шаардык кеңештин депутаты;
- Билялова А.Б. – шаардык кеңештин депутаты;
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу ММБ башчысы;
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу ММБ юристи;
- Көз карандысыз эксперт-баалоочу – (макулдашуу менен).