№ 5 «Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо жөнүндө» Эрежени бекитүү жөнүндө
Кара-Балта шаардык кеңештин
ТОКТОМУ
««Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо жөнүндө» Эрежени бекитүү жөнүндө»
Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин, ЖРВФКБнын жекчисинин орун басары – У.Т.Керимбаевдин “Үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо ченемдерин жана эрежелерин карап чыгуу зарылдыкы жөнүндө” маалыматын угуп чыгып, Кара-Балта шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин, ЖРВФКБнын жекчисинин орун басары – У.Т.Керимбаевдин “Үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо ченемдерин жана эрежелерин карап чыгуу зарылдыкы жөнүндө” маалымат эске алынсын.
- «Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо жөнүндө» Эреже, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 2010-жылдын 17 – сентябрда № 4 ««Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо жөнүндө» Эрежени бекитүү жөнүндө” Кара-Балта шаардык кеңешинин токтому күчүн жоготту деп эсептелинсин.
- Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселер жана инвестиция боюнча туруктуу комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Кара-Балта шаардык кеңештин
төрагасы А.А. Аалыев
09 август 2018 жыл