№ 3 «Кара-Балта шаарынын үй комитеттери жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
Кара-Балта шаардык кеңештин
ТОКТОМУ
«Кара-Балта шаарынын үй комитеттери жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, аймактык коомдук өз алдынча башкарууну мындан ары өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында, Кара-Балта шаардык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин «Кара-Балта шаарынын үй комитеттери жөнүндө Жобону бекитүү” жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2.«Кара-Балта шаарынын үй комитеттери жөнүндө» Жобо, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлү уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиякомиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Кара-Балта шаардык кеңештин
төрагасы А.А. Аалыев
09 август 2018-жыл