Кара-Балта шаардык кеңешинин
ТОКТОМУ
“Ичүүчү суу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Табигый монополиялар жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 токтому менен бекитилген Тартибине ылайык, ошондой эле суу түтүгүнүн жана канализациялык тармактарын өнүктүрүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шарттарды берүү кызматына тарифи, ушул токтомдун 1- тиркемесине ылайык бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышы бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Кара-Балта шаардык кеңешинин
төрагасы А.А. Аалыев
27 июнь 2018 год
“Кара-Балта шаардык кеңешинин
2018-жылдын 27 июндагы
№ 10 токтомуна
№1 тиркеме
Аталышы | Өлчөө бирдиги | Тариф (салыктар жок) |
Калкка | Сом/1 кошулуу | 1095,00 |
Бюджеттик жана башка уюмдар
|
Сом/1кошулуу | 1255,00 |