Кара-Балта шаардык кеңешинин
ТОКТОМУ
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Н. И. Пирогов атындагы медициналык колледждин мүдүрүнүн Сариева Дж. К. өтүнүчүнө ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Балта шаардык башкармасы менен Н.И. Пирогов атындагы медициналык колледжинин ортосунда түзүлгөн, кийин сатып алуучу ижара келишимине өзгөртүүлөр жөнүндө, Н. И. Пирогов атындагы медициналык колледжинин Сариева Дж. К. маалыматы эске алынсын.
- Аткаруучу орган, Кара-Балта шаардык башкармасынын №331 5 ноябрь 2009 жылынын токтомуна ылайык түзүлгөн Кара-Балта шаардык башкармасы менен Н.И. Пирогов атындагы медициналык колледждинин ортосундагы №157 3 декабрь 2009 жылдын ижара келишиминен “сатып алуу” сөздөрүн чыгарсын, ижара жана келишимдин калган бөлүктөрү күчүндө калтырылсын.
- Аткаруучу орган, 10 жумушчу күндүн ичинде Кадастр жана кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо департаментинин Жайыл районунун башкармалыгында, Кара-Балта шаардык башкармасы менен Н.И. Пирогов атындагы медициналык колледжинин ортосундагы №157 3 декабрь 2009 жылдын ижара келишимин киргизилген өзгөртүүлөр менен кошо каттоодон өткөрсүн.
- Токтомдун аткарылышы бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (Билялова А. Б.).
Кара-Балта шаардык кеңешинин
төрагасы А.А. Аалыев
27 июнь 2018 год