Кара-Балта шаардык кеңешинин
ТОКТОМУ
2018-жылдын 15 – февралында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилишине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 3 – главанын 3.1. п. толукталсын “Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет”.
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилишине ылайык Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламенти жөнгө келтирилсин.
- Токтомдун аткарылышы уюштуруу – укук маселелери, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
.
Кара-Балта шаардык кеңешинин
төрагасы А.А. Аалыев
19 февраль 2018 год