3,2 га аянтындагы жер участогун К-3, Р-3 зонасынан П-3кө которуу жөнүндө
Кара-Балта шаардык кеңешинин
ТОКТОМУ
«3,2 га аянтындагы жер участогун К-3, Р-3
зонасынан П-3кө которуу жөнүндө»
Кара-Балта мэриясынын 2018-жылдын 6 – мартындагы № 01-5/260 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Балта шаарынын мэриясынын вице мэри Э.К.Орозбаковдун “«АзияВинТранс” ЖЧКнун №648478 жеке менчикке укук берген мамлекеттик актысына ылайык Кара-Балта шаары, түштүк өндүрүш зонасы дарегиндеги 3,2 га аянтындагы жер участогу К-3, Р-3 зонасынан П-3кө которуу жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
- Кара-Балта шаары, түштүк өндүрүш зонасы дарегиндеги 3,2 га аянтындагы жер участогу К-3, Р-3 зонасынан П-3кө которулсун.
- Токтомдун аткарылышы өндүрүш, курулуш, транспорт, кичи жана орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Кара-Балта шаардык кеңешинин
төрагасы А.А. Аалыев
07 март 2018ж.