«Кыргызжылуулукэнерго» МИ «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалына 160 – сутка жылуулук берүү сезонунун узактыгын орнотуу жөнүндө
Кара-Балта шаардык кеңешинин
ТОКТОМУ
««Кыргызжылуулукэнерго» МИ «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалына 160 – сутка жылуулук берүү сезонунун узактыгын орнотуу жөнүндө»
«Кыргызжылуулукэнерго» МИ «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалынын мүдүрү С.В.Мельниковдун “Кара-Балта шаарында жылуулук берүү сезонунун узактыгы жөнүндө” маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- «Кыргызжылуулукэнерго» МИ «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалынын мүдүрүнүн С.В.Мельниковдун “Кара-Балта шаарында жылуулук берүү сезонунун узактыгы жөнүндө” маалыматы, эске алынсын.
- Жергиликтүү климат шарттарынын жана имараттын ичинде абанын температурасынын санитардык нормаларынын негизинде «Кыргызжылуулукэнерго» МИ «Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалына жылуулук берүү сезонунун узактыгы 160 суткада орнотулсун.
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2010-жылдын 21 – майында № 3 Токтомунун күчү жоготулду деп эсептелсин.
- Токтомдун аткарылышы өндүрүш, курулуш, транспорт, кичи жана орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Кара-Балта шардык кеңешинин
төрагасы А.А. Аалыев
07 март 2018 ж.