КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
«Кара-Балта шаарынын № 8 орто мектебине Ишеналы Арабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат коюу жана алардын аталыштарын өзгөртүү тартиби жөнүндө» жобонун 2-главасынын 4-пунктуна ылайык, № 8 орто мектебинин ата-энелер комитетинин 2026-жылдын 20-мартындагы чечимин жана № 8 орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2026-жылдын 20-мартындагы № 3 чечимин эске алуу менен, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-июлундагы № 01-5/3479 кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын № 8 орто мектебине Ишеналы Арабаевдин ысымы ыйгарылсын.
- Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттык этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
КАРА-БАЛТИНСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
О присвоении средней школе № 8 города Кара – Балта имени Ишеналы Арабаева
В соответствии со ст. 39 Закона Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления», п.4 гл2 Положения «О порядке наименования и переименования объектов государственного значения», утвержденного Постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 25 марта 2025 года №149, принимая во внимание решение родительского комитета СШ №8 20.03.2026 г и педагогического совета СШ №8 от 20.03.2026 г №3,на основании обращения мэрии г.Кара-Балта от 20.07.2026 года № 01-5/3479 , сессия Кара-Балтинского городского кенеша
ПОСТАНОВЛЯЕТ:
1.Присвоить средней школе № 8 города Кара – Балта имя Ишеналы Арабаева
2.Мэрии города Кара – Балта принять необходимые меры, вытекающие из настоящего постановления.
- Направить настоящее постановление в Министерство юстиции Кыргызской Республики для внесения в Государственный реестр нормативных правовых актов.
4.Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию по Регламенту, этике и правовым вопросам, а также на мэрию г.Кара-Балта






