КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
«Кара-Балта шаарынын № 6 орто мектебине Төрөкул Айтматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат коюу жана аталыштарын өзгөртүү тартиби жөнүндө» жобонун 2-главасынын 4-пунктуна ылайык, № 6 орто мектебинин ата-энелер комитетинин 2026-жылдын 26-майындагы чечимин жана № 6 орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2026-жылдын 15-майындагы № 7 чечимин эске алуу менен, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-июлундагы № 01-5/3479 кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Балта шаарынын № 6 орто мектебине Төрөкул Айтматовдун ысымы ыйгарылсын.
- Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттык этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
КАРА-БАЛТИНСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
«О присвоении средней школе № 6 города Кара – Балта имени
Торекул Айтматова»
В соответствии со ст. 39 Закона Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления», п.4 гл2 Положения «О порядке наименования и переименования объектов государственного значения», утвержденного Постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 25 марта 2025 года №149, принимая во внимание решение родительского комитета СШ №6 от 26.05.2026 г и педагогического совета СШ№6 от 15.05.2026 №7г, на основании обращения мэрии г.Кара-Балта от 20.07.2026 года № 01-5/3479, сессия Кара-Балтинского городского кенеша
ПОСТАНОВЛЯЕТ:
1.Присвоить средней школе № 6 города Кара – Балта имя Торекул Айтматова
- Мэрии города Кара – Балта принять необходимые меры, вытекающие из настоящего постановления.
- Направить настоящее постановление в Министерство юстиции Кыргызской Республики для внесения в Государственный реестр нормативных правовых актов.
4.Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянную депутатскую комиссию по Регламенту, этике депутатов и правовым вопросам, а также на мэрию г.Кара-Балта
Токтом №29 30.09_compressed Постановление №29 от 30.09






