2023-жылдын 4 августундагы № 10 Токтому “2023-жылдын 1-январынан тартып Кара-Балта шаарында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө”

2023-жылдын 4 августундагы № 10 Токтому “2023-жылдын 1-январынан тартып Кара-Балта шаарында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө”

“2023-жылдын 1-январынан тартып Кара-Балта шаарында

мүлк салыгын киргизүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 5-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 37-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 39-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаарынын аймагындагы мүлк салыгы 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
  2. Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салык Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык администрациялансын.
  3. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 24-февралындагы № 3 “Кара-Балта шаарынын аймагында жер мүлкүн жана мүлккө салыкты иш жүзүнө ашыруу жөнүндө” токтому жана Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 02 «Кара-Балта шаарынын аймагында 1, 2, 3-топтогу мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  4. Ушул Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
  5. Токтом нормативдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Чуй – Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  6. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, Жайыл райондук мамлекеттик салык кызматына жана Кара – Балта шаарынын мэри – М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы                                                      М.Дуйшеналиев