Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексин жетекчиликке алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын 2023-жылдын бюджетинен «Универсал» МИ сметасы аркылуу лизингге 4 даана таштанды ташуучу унааларды сатып алууга 7513,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй – Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак-жай коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев