19 сентябрь 2018ж. Токтом№7 Кара-Балта шаарынын №1 орто мектептин авариялык абалдагы имаратын бузуп салууга акча каражатын табуу жөнүндө

19 сентябрь 2018ж. Токтом№7 Кара-Балта шаарынын №1 орто мектептин авариялык абалдагы имаратын бузуп салууга акча каражатын табуу жөнүндө

Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ башчысынын м.а.Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарынын №1 башталгыч мектептин авариялык абалдагы имаратын бузуп салууга акча каражат табуу жөнүндөгү маалыматын угуп, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 01-5/1138 катынын 1-пунктунун негизинде, Кара-Балта шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын техникалык корутундусун эске алуу менен Кара-Балта шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ башчысынын м. а. Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарынын №1 башталгыч мектептин авариялык абалдагы имаратын бузуп салууга акча каражатын табуу жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Кара-Балта шаарынын №1 башталгыч мектептин авариялык абалдагы имаратын бузуп салууга – 540,0 миң сом өлчөмдөгү акча каражатын тапсын.
  3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        А.А. Аалыев