Токтом № 34 09-сентябрь “«Кара-Балта шаарынын аймагында сезондук соода жүргүзүү үчүн жер тилкесин берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө”

Токтом № 34 09-сентябрь “«Кара-Балта шаарынын аймагында сезондук соода жүргүзүү үчүн жер тилкесин берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө”

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Кара-Балта шаардык мэриясынын 05.08.2025-жылындагы № 01-6/659 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

  1. «Кара-Балта шаарынын аймагында сезондук соода жүргүзүү үчүн жер тилкесин берүү тартиби жөнүндө» жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жогоруда көрсөтүлгөн Жобону ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

Кеңештин төрагасы                                   М. Дуйшеналиев

 

 

Тиркеме

Кара-Балта шаардык

кенешинин токтомуна

«__» ________ 2025-жыл № ____

 

ЖОБО

Кара-Балта шаарынын аймагында сезондук соода жүргүзүү

үчүн жер тилкесин берүү тартиби жөнүндө

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыгып, сезондук соода жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
  3. Ушул Жобонун колдонуу чөйрөсү төмөнкүлөргө жайылтылат:
    көчө тамак-аштарын, сергитүүчү суусундуктарды, балмуздактарды сатуу, велосипеддерди же самокаттарды ижарага берүү, лайтбокстар.

 

  1. II. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер

 

Ыйгарым укуктуу орган – Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укук берилген түзүмдүк бөлүмү;

түздөн-түз берүү – аукцион өткөрбөстөн, түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) жер тилкесин ижарага берүү ыкмасы;

лайтбокстар – муниципалдык тирөөчтөргө жана мамыларга орнотулуучу, архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген, бир типтеги чакан өлчөмдөгү жарнамалык конструкциялар.

III. Берүү тартиби

  1. Жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) жер тилкесин ижарага берүү укугу түз сүйлөшүүлөр жолу менен, аукцион өткөрбөстөн жүзөгө ашырылат. Бир эле жер тилкесине сезондук иш жүргүзүү үчүн бир нече арыз ээлери кайрылган учурда, ижарачы катары биринчи болуп арыз берген арыз ээси эсептелет.

Ижарага берилүүчү муниципалдык мүлк объектилерине төмөнкүлөр кирет:
а) жалпы пайдалануудагы жерлер, жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, жол жээктери, арыктар, автомобиль жолдорунун боюнда жайгашкан жана өткөн башка сугат тармактары, өтмөктөр, парктар, бульварлар, скверлер жана башка;
б) коомдук транспорттун токтоочу жайлары, жер алдындагы жана жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр, монументалдык курулуштар, тирөөчтөр, жарнамалык калкандар, көпүрөлөр, көрктөндүрүү объектилери.

  1. Аянты беш чарчы метрден ашпаган (стационардык эмес, көчмө соода жана көңүл ачуучу объектилер) соода жана көңүл ачуучу кызматтарды көрсөтүүчү жайлар Кара-Балта шаарынын аймагындагы объектилерди жайгаштыруу схемасынын негизинде түз сүйлөшүүлөр жолу менен берилет.
  2. Кара-Балта шаарынын аймагында жайгаштырылуучу объектилердин тизмеси, саны, түрлөрү жана формалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
  3. Кара-Балта шаарынын аймагында объектилерди жайгаштыруу схемасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №240 токтому менен бекитилген «Объекттерди долбоорлоого, курууга жана кыймылсыз мүлк объектилерин өзгөртүүгө документтерди берүү тартиби жөнүндө жана курулушу аяктаган объекттерди пайдаланууга берүүдө алардын шайкештигин баалоо жөнүндө Жобого» ылайык Архитектура бөлүмү тарабынан иштелип чыгат.
  4. Аймакта жайгаштырууга уруксат берилген бардык объектилер көчмө (дөңгөлөктүү) болушу жана 1 сааттын ичинде демонтаждоого мүмкүн болушу керек.
  5. Жайгаштыруу укугун түздөн-түз берүү ыйгарым укуктуу органга арыз берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
  6. Номерленген (штрих-коду бар) лайтбокстар ар бир келишимде көрсөтүлүп, арыз ээлеринин ыйгарым укуктуу органга арыз берүү жолу менен берилет. Келишимде Кара-Балта шаардык кенешинин 2024-жылдын 23-майындагы №17 чечими менен бекитилген «Кара-Балта шаарынын Чүй облусундагы муниципалдык жерлерди пайдалануу укугун акы төлөп ижарага берүү шарттары жана алардын наркын аныктоо (эсептөө) тартиби жөнүндө Жобого» ылайык эсептелген белгиленген баа көрсөтүлөт.
  7. Бир үлгүдөгү лайтбокстарды жайгаштыруу укугун берүү жол кыймылына тоскоолдук жаратпоого тийиш. Ушуга байланыштуу лайтбокстарды жайгаштыруунун жалпы схемасы жана талаптары түз сүйлөшүүлөр жолу менен аныкталып, Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
  8. Интернет-кабелдерин, оптикалык-була кабелдерин жана байланыш каражаттарын жайгаштыруу үчүн муниципалдык тирөөчтөр жана мамылар түз сүйлөшүүлөр жолу менен ижарага берилет. Ижара акысынын өлчөмү Кара-Балта шаардык кенешинин 2024-жылдын 23-майындагы №17 чечими менен бекитилген Жобого ылайык эсептелет.
  9. Түздөн-түз берүү ыкмасы менен ижарага алынган, аянты беш чарчы метрден ашпаган муниципалдык мүлк объектилери бири-бирине жанаша жайгашпоого жана алардын ортосунда кеминде бир сызык метр аралык болушу керек.
  10. Ижара келишими түз сүйлөшүүлөр жолу менен ижарачы менен иш жүзүндө пайдаланылган мөөнөт үчүн ижара акысы толук төлөнгөн учурда түзүлөт.
  11. Иш жүзүндө пайдалануу үчүн түзүлгөн ижара келишимдеринин мөөнөтү узартылган учурда, ижара акысынын баасы мурунку 1 жылдагы инфляциянын деңгээлине барабар өлчөмдө көбөйтүлөт.
  12. Ижара келишими ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
  13. Ижара келишимдеринин колдонуу мөөнөтү, ижара шарттарын бузбаган жана каалоо билдирген ижарачы менен ушундай эле мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
  14. Ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу мурда түзүлгөн ижара келишимине кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен жүргүзүлөт.
  15. Ижара келишиминин колдонуу мөөнөтү аяктоосуна бир ай калганда, ижарачы келишимдин мөөнөтүн узартуу же келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү.
  16. Ижара акысын аныктоо тартиби
  17. Баштапкы ижара акысы Кара-Балта шаарынын Чүй облусундагы муниципалдык жерлерди пайдалануу укугун акы төлөп ижарага берүү шарттары жана алардын наркын аныктоо (эсептөө) тартиби жөнүндө Жобого ылайык эсептелип, бекитилет.
  18. Рыноктук ижара акысы менен ижарага берилген ар бир объект боюнча баштапкы айлык рыноктук ижара акысын аныктоо үчүн колдонулган материалдар белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органда сакталат.

 

Кара-Балта шаарынын мэриясынын
карамагындагы УМСтин башчысы                            Х. Алтыкеев