Токтом № 20 23-май 2024-жыл “Мамлекеттик ипотекалык компанияга муниципалдык турак жай программаларын ишке ашыруу максатында жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” Турак жай программасын ишке ашыруу алкагында турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүүгө, анын өздүк наркын төмөндөтүүгө, турак жайды каржылоонун шарттарын жакшыртууга, ипотекалык кредиттөө жана өз алдынча жашоо шарттарын жакшыртууга жөндөмдүү жарандардын санын көбөйтүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар ишке ашырылууда. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана […]