Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндөгү 2022-жылдын 28-октябрындагы № 04 токтому.

Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндөгү 2022-жылдын 28-октябрындагы № 04 токтому.

Токтом № 4 28.10.2022-ж.

Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине

Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 36, 39-беренелерине ылайык, ошондой эле Кара – Балта шаарынын тургундарынын “Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине,  Грибоедова көчөсүнө жана кыска көчөсүнө Э.Н. Турсунбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө” кайрылуусун эске алуу жана кароо менен, Кара – Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаарынын № 3 орто мектебине Баткен облусунун “Тамдык” чек ара заставасынын башчысы, улук лейтенант Эрлан Нурадинович Турсунбаевдин аты ыйгарылсын.
  2. Кара – Балта шаарынын мэриясы, Кара – Балта шаарынын № 3 орто мектебине Баткен облусунун “Тамдык” чек ара заставасынын башчысы, улук лейтенант Эрлан Нурадинович Турсунбаевдин атын ыйгаруу боюнча зарыл болгон документтерди иретке келтирсин.
  3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына Г.А. Сарсембаевге жүктөлсүн.

 

Кенештин төрагасы                                                      М. Дуйшеналиев