Токтом № 08 17 август 2022-ж. “Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигинде жайгашкан мүлктүн объектилерин базар баасында ижарага алуу укугун берүү эрежелерине толуктоолорду киргүү жөнүндө”

Токтом № 08 17 август 2022-ж. “Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигинде жайгашкан мүлктүн объектилерин базар баасында ижарага алуу укугун берүү эрежелерине толуктоолорду киргүү жөнүндө”

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, муниципалдык менчикти башкарууда жол-жоболорду жөнгө салуу максатында, Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу В.И. Ленин атындагы Шаардык маданият сарайынын залын жана имаратынын алдындагы аянтты ижарага берүү маселесин так жөнгө салуу максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2005-ж. 25-январында № 9 КБШК Токтому менен бекитилген «Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилерине базар акысы менен ижарага укук берүү эрежелерине» толуктоолор киргизилсин.:

В.И. Ленин атындагы шаардык маданият Сарайынын залын жана имаратынын алдындагы аянтты ижара пайдалангандыгы үчүн акы бардык тийиштүү төлөмдөрдү эсепке алуу менен төмөндөгүдөй учурларда алынат:

 – билеттерди сатылган учурда;

 – иш-чара коммерциялык мүнөздө болсо (кандайдыр бир продуктунун, компаниянын презентациясы ж.б.);

 – эгерде иш-чара арыз ээси үчүн финансылык пайда алып келсе;

 – талапкерлердин, саясий партиялардын калк менен шайлоо алдындагы жолугушууларды өткөрүү учурда;

В.И. Ленин атындагы шаардык маданият Сарайынын залы жана имаратынын алдындагы аянтты ижарага пайдалануу үчүн акы бардык тийиштүү төлөмдөрдү эсепке алуу менен төмөнкү учурларда алынбайт:

 – эгерде иш-чара мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлсө;

 – эгерде иш-чара Кара-Балта шаарынын тургундары үчүн акысыз негизде өткөрүлсө (билеттер сатылбай, материалдык пайда жок ж.б.);

 – эгерде иш-чара майыптар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар же өздөрү үчүн уюмдар тарабынан уюштурулса (программа ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын гана катышуусу менен коюлган спектаклдердер).

 

 

Музыкалык жана үн аппаратурасы төмөнкү учурларда гана акысыз берилет:

 – эгерде иш-чара мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлсө;

 – эгерде иш-чара Кара-Балта шаарынын тургундары үчүн акысыз негизде өткөрүлсө (билеттер сатылбай, материалдык пайда жок ж.б.);

 – эгерде иш-чара майыптар, майыптар же өздөрү үчүн уюмдар тарабынан уюштурулса.

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды эске алсын.
  2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча, Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                                      М. Дуйшеналиев

Токтом № 08 17-август 2022-ж.