Токтом № 07 17 август 2022-ж. “04.06.2015ж. № 11 КБШКнын токтому менен бекитилген Кара-Балта шаарында суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануу Эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Токтом № 07 17 август 2022-ж. “04.06.2015ж. № 11 КБШКнын токтому менен бекитилген Кара-Балта шаарында суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануу Эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, ошондой эле Жайыл районунун прокуратурасынын «ченемдик-укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө” талап кылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкүдөй редакцияда киргизилсин (04.06.2015-ж. № 11 КБШКнын Токтому):

3.2.1. п. ведомстволук таандуулугунан, менчигинин түрүнө жана формасынан (анын ичинде турак жай-курулуш кооперативдеринин менчигиндеги үйлөр):

суу түтүктөр үчүн – баланстык менчиктин жана эксплуатациялык жоопкерчиликтин ортосундагы чек көп кабаттуу үйдүн пайдубалынын тышкы дубалы болуп саналат;

канализация үчүн – киргизүү жери канализация түтүктөрү кошулган үйдөн чыккан биринчи канализациялык кудуктар болуп саналат. Байланыш пункту “Кара-Балта суу канал” МИнин эксплуатациялык жоопкерчилигине кирет.

3.3-пункт. Үй ичиндеги (ички) суу түтүк жана канализация тармактарынын, курулмаларынын жана түзүлүштөрүнүн техникалык абалы жана күтүүсү үчүн жоопкерчилик көп батирлүү үйлөрдүн (турак жайдын) менчик ээлерине жүктөлөт.

  1. Бул токтом жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
  2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлдү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                 М. Дуйшеналиев

Токтом № 07 17-август 2022-ж.