Токтом № 06 17 август 2022-ж. “«Турак-жай маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» 2017-жылдын 30-августундагы № 3 КБШК Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Токтом № 06 17 август 2022-ж. “«Турак-жай маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» 2017-жылдын 30-августундагы № 3 КБШК Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2017-жылдын 30-августундагы № 3 “Турак жай маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” токтомунун тиркемесине ушул токтомдун тиркемесине ылайык төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

комиссиянын төрагасы – Шабданалиев Нурбек Садырбекович, Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;

Комиссиянын мүчөлөрү:

– Тыналиева Наргиза Маратовна, «Альянс» с/п депутаты;

– Карагулов Таалайбек Баратович, Кара-Балта ш. мэриясына караштуу мүлккө ММБнин башчысы;

– Темирбекова Айпери Мирлановна, Кара-Балта ш. мэриясына караштуу мүлккө ММБнин адиси – юристи;

– Жайыл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү (ишеним каттын негизинде);

комиссиянын катчысы – Шорукова Калый Авлабековна, Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБнин башкы адиси.

  1. “Турак жай маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” 2018-жылдын 04-апрелиндеги № 5 КБШК Токтому, “Кара-Балта ш. мэриясынын турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 06 КБШК Токтому күчүн жоготту деп эсептелинсин.
  2. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                 М. Дуйшеналиев

Токтом № 06 17-август 2022-ж