Токтом № 04 17 август 2022-ж. “«Кара-Балта ш. 2022-жылга карата бюджетин жана 2023-2024-жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 26-январындагы № 1 Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Токтом № 04 17 август 2022-ж. “«Кара-Балта ш. 2022-жылга карата бюджетин жана 2023-2024-жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 26-январындагы № 1 Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2, 4 бөлүктөрүн жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36 – беренелерине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри-Жекшенов М.Р. шаар жашоочулары менен жолугушууларда айтылган кайрылууларды эске алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. «Кара-Балта ш. 2022 – жылга карата бюджетин жана 2023-2024 – жж. карата Кара-Балта ш. бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» 2022 – жылдын 26-январындагы № 1 Кара-Балта шаардык кеңешинин Токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин, Кара-Балта шаарынын мэриясы кредиттерди которсун:
  • Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ – азайуу тарабына (Тиркеме 8)

«Эмгек акы» 2111 беренесинде 249,4 миң сомго;

«Социалдык фондго төгүмдөр» 2121 беренесинде 43,0 миң сомго;

«Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренесинде  3500,0 миң сомго (ген. план 3000,0 миң сом, башка чыгашалар 500,0 миң сом).

Бардыгы: 3792,4 миң сомго.

көбөйтүү тарабына (Тиркеме 8)

«Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренесинде (таштандыларды чыгаруу) 300,0 миң сомго;

«Учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» (ирригация) 2221 беренесинде 250,0 миң сом;

«Имараттар жана курулуштар» 3111 беренесинде балдар аянтчаларын курууга – 1500,0 миң сомго;

– Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Универсал» МИ – көбөйүү тарабына (Тиркеме 9)

«Учурдагы муктаждыктар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» 2222  (жарыктандырууга) беренесинде 950,0 миң сомго;

  • Кара-Балта шаарынын мэриясы – көбөйүү тарабына (Тиркеме 4)

«Эмгек акы» 2111 беренесинде 249,4 миң сомго;

«Социалдык фондго төгүмдөр» 2121 беренесинде 43,0 миң сомго.

В.И. Ленин атындагы шаардык маданият Сарайы – көбөйтүү тарабына (Тиркеме 4)

«Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» (Шаардын күнүн өткөрүүгө) 2215 беренесинде 500,0 миң сомго.

Бардыгы: 3792,4 миң сом.

  1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри – М.Р.Жекшеновго жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                   М. Дуйшеналиев

Токтом №4 17.08.2022-ж.