Токтом № 01 17 август 2022-ж. “2021-жылга карата Кара-Балта шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тууралуу мэрдин отчету жөнүндө”

Токтом № 01 17 август 2022-ж. “2021-жылга карата Кара-Балта шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тууралуу мэрдин отчету жөнүндө”

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-п. 6 п.п. ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтомдун 1-тиркемелерине ылайык, 2021-жылга карата Кара-Балта шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тууралуу мэрдин отчету эске алынсын жана мэрдин 2021-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп эсептелинсин.
  2. Кара-Балта шаарынын мэри Джекшенов Мирлан Ратымбекович Кара-Балта шаарынын мэриясынын айрым түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши боюнча талкуу учурунда депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алсын.
  3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
  4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта ш. мэринин орун басары – Рыскулбек уулу Нурматка жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                 М. Дуйшеналиев

Токтом № 01 17-август 2022-ж.