Токтом №1 14 июль 2022-жыл “Кара-Балта шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларын, сандык курамын, төрагаларын бекитүү жөнүндө” 2022 – жылдын 12 майында № 5 КБШК Токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Токтом №1 14 июль 2022-жыл “Кара-Балта шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларын, сандык курамын, төрагаларын бекитүү жөнүндө” 2022 – жылдын 12 майында № 5 КБШК Токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36, 37-беренелерине ылайык, туруктуу депутаттык комиссиянын жана Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы – М.К. Дуйшеналиевдин туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, жана ошондой эле “Ишеним” с/п депутатты Рыскулбек уулу Нурмат депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыргандыгына жана Кара-Балта шаарынын мэринин орун басары кызмат ордуна дайындалышына байланыштуу, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Кара-Балта шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларын, сандык курамын, төрагаларын бекитүү жөнүндө” 2022 – жылдын 12 майында № 5 КБШК токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

3 – пунктунда “Рыскулбек уулу Нурмат” деген сөздөр “Мурадылов Рустам Асанович” деген сөздөргө алмаштырылсын.

– жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын:

Регламент, депутаттык этика жана укук маселелери боюнча ТДКга өзгөртүүлөр киргизилсин:

Билялова Алмазханум Башировна “ЭлАман” с/п депутаты бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча ТДКнын курамынан чыгарылып, ТДКнын Регламент, депутаттык этика жана укук маселелери боюнча ТДКнын курамына киргизилсин. Кадыркулов Адлет Адылбекович, «АЛЬЯНС» с/п депутаты ТДКнын курамынан чыгарылсын.

Өнөр жай, транспорт, ишкердик, шаар куруу жана архитектура боюнча ТДКга өзгөртүүлөр киргизилсин:

Өнөр жай, транспорт, ишкердик, шаар куруу жана архитектура боюнча ТДКнын курамына – Кадыркулов Адлет Адылбекович, “АЛЬЯНС” с/п депутаты киргизилсин.

Ирина Васильевна Шашко, “Ишеним” с/п депутаты ТДКнын курамынан чыгарылып, анын ордуна Тохтиев Нурмахамат Элахунович, “Ишеним” с/п депутаты киргизилсин. Тыналиева Наргиза Маратовна «АЛЬЯНС» с/п депутаты ТДК курамынан чыгарылсын.

бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча ТДКга өзгөртүүлөр киргизилсин:

бюджет, муниципалдык менчик, турак жай – коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча ТДКнын курамына Шашко Ирина Васильевна, «Ишеним» с/п депутаты (Рыскулбек у. Н. ордуна) киргизилсин. Бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча ТДК курамына Тыналиева Наргиза Маратовна, «АЛЬЯНС» с/п депутаты киргизилсин.

  1. Бул токтом кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Кеңештин төрагасы                                                                   М. Дуйшеналиев

 

Токтом № 1 14.07.2022-ж.