2021-жылдын 18-октябрындагы № 4 Токтому. Кара-Балта шаарынын мэриясы бир жолку материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө

2021-жылдын 18-октябрындагы № 4 Токтому. Кара-Балта шаарынын мэриясы бир жолку материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө

токтом № 04 18.10.2021-ж.

Кара-Балта шаарынын мэриясы бир жолку

материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө

 

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 – беренелерине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча комиссиясынын ишин жөнгө салуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 Токтомунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Кара-Балта шаарынын мэриясынын бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө” жобо, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бир жолку даректүү материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражаттын көлөмү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнүн 0,3 % ашпоого тийиш (аткаруу бийлигинин акы төлөнүүчү кызматтарынын суммасынан, резервдик бюджеттен каражаттарды кошпогондо)

3.Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

Кеңештин төрагасы                                                                   А. Байсариев

 

 

КБШК “___” ___________ 2021ж.

№ ___ Токтомуна

№ 1 Тиркеме

 

“Кара-Балта шаарынын мэриясынын бир жолку материалдык

жардам  көрсөтүү тартиби жөнүндө”

ЖОБО

 

  1. Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык иштелип, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө», “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө”, “Чернобыль апаатынан жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасында ар жыл сайын өткөрүлүүчү Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо, инвалиддерди жана кары адамдарды коргоо күнү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2012 -жылдын 10 – апрелиндеги № 237 Токтомуна, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алынып иштелип чыккан.
  2. Бул Жобо оор турмуштук кырдаалга же өзгөчө кырдаалга туш болгон жарандарды – Кара -Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнө берүү тартибин аныктайт.
  3. Турмуштук оор кырдаалга туш болгон же өзгөчө кырдаалга туш болгон жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү банктык которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
  4. Бир жолку материалдык жардам эки календардык жылдын ичинде арыздын негизинде көрсөтүлүшү мүмкүн.
  5. Бир жолку материалдык жардам көрсөтүү маселесин кароо үчүн жарандын жазуу жүзүндөгү арызы негиз болот.
  6. Бир жолку материалдык жардамга муктаж болгон жаран төмөнкү документтерди берет:
  • оор турмуштук кырдаал же өзгөчө кырдаал жөнүндө кыскача маалымат камтылган Кара-Балта шаарынын мэринин атына эркин формада арыз;
  • жашаган жеринен үй -бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат (тастыктаманын жарактуулук мөөнөтү берилген күндөн тартып 30 күндөн ашпайт);
  • паспорттордун көчүрмөсү;
  • пенсиялык күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү (эгер бар болсо);
  • акча которуу үчүн арыз берүүчүнүн эсебинин көчүрмөлөрү (эгер бар болсо);
    • Дарылоо зарылдыгына байланыштуу бир жолку материалдык төлөм түрүндө социалдык жардам көрсөтүү боюнча арызга төмөнкү документтер тиркелет:
  • дарылоо, дары -дармектерди сатып алуу зарылдыгы жөнүндө медициналык мекеменин маалымкаты;
  • жарандарга бекер медициналык жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик кепилдиктердин алкагында дары -дармектерди сатып алуу мүмкүн эместиги жөнүндө медициналык мекемеден маалымкат (эгерде дары -дармектерди сатып алуу зарыл болсо);
  • жарандарга бекер медициналык жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында зарыл болгон медициналык жардамды көрсөтүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө медициналык мекеменин маалымкаты (эгер дарылоо зарыл болсо).
    • Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен келип чыккан кесепеттерди жоюу зарылдыгына байланыштуу бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер кошумча түрдө берилет:
  • өзгөчө кырдаал фактысын тастыктаган документтин көчүрмөсү;
  • өзгөчө кырдаалдын кесепетинен келип чыккан кесепеттерди жоюу боюнча иштерди жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө компетенттүү кызматтардын корутундусу;
  1. Материалдык жана тиричилик экспертизасы калкты социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
  2. Жарандардын кайрылууларын кароо жана маселелер боюнча чечим кабыл алуу бир жолку материалдык жардам көрсөтүү боюнча Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдында комиссия түзүлөт жана алардын жумушчу органы болуп саналат, өз ишин мезгилдүү негизде жүргүзөт.
  3. Комиссия Кара-Балта шаарынын мэринин буюрмасы менен түзүлөт.
  4. Комиссиянын курамы мэриянын кызматкерлеринин, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүнүн, квартал башчыларынын, өкүлдөрүнүн санынан, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен өкмөттүк эмес уюмдардын макулдашуусу боюнча түзүлөт.
  5. Комиссиянын төрагасы комиссиянын ишине жетекчилик кылат жана ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жооп берет.
  6. Комиссиянын төрагасы өз компетенциясынын чегинде төмөнкү функцияларды аткарат:
  • Комиссиянын жыйналышына төрагалык кылат;
  • Комиссиянын жыйынын чакырат, комиссиянын көчмө жыйындарын уюштурат;
  • Комиссиянын жыйналыштарына талкуулоо үчүн маселелерди киргизет;
  • учурдагы уюштуруу маселелерин чечет;

Комиссиянын мүчөлөрү:

  • Комиссиянын жыйналыштарына катышат;
  • сунуштарды жана комментарийлерди берет, макул болбогон учурда өзүнүн өзгөчө пикирин билдирет;
  • Комиссиянын компетенциясына тиешелүү маселелерди комиссиянын кароосуна берүү укуктуу;
  • Комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун жана корутундуларынын көчүрмөлөрүн алууга укуктуу.
  1. Комиссиянын катчысы өз компетенциясынын чегинде төмөнкү функцияларды аткарат:
  • комиссиянын жыйналыштарын уюштурат;
  • комиссиянын жыйынынын протоколун жүргүзөт, комиссиянын чечимдерин тариздейт;
  • комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча, комиссиянын жыйналыштарын чакырат, уюштуруу маселелерин чечет;
  • комиссиянын ишин камсыз кылуу үчүн башка функцияларды аткарат;
  • жыйналыштардын протоколдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
  • комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок айына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
  1. Кара-Балта шаарынын мэриясына келген кайрылуулар комиссиянын   кароосуна берилет.

Комиссиянын жыйналышындагы маселелер комиссиянын катчысы тарабынан түзүлөт жана комиссиянын төрагасынын кароосуна киргизилет.

  1. Комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйынынын күн тартибин аныктайт жана бекитет,ал жок болгон учурда  комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.
  2. Жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн, комиссия мыйзамда белгиленген мөөнөттө материалдарды карайт.
  3. Өзгөчө учурларда маселени өз убагында кароого мүмкүн болбогондо,комиссия белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
  4. Материалдарды кароодо,зарыл болгон учурда,комиссия арыз ээлеринен мамлекеттик уюмдардан жана мекемелерден, коммерциялык эмес жана башка уюмдардан өз иши үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды сурап алууга укуктуу.
  5. Оор экстремалдуу турмуштук кырдаалга туш болгон жарандарды аныктоодо,ошондой эле муктаж адамдарга тийиштүү жардам көрсөтүү маселелерин  чечүүдө.
  6. Ар бир иштин карооонун жыйынтыгы боюнча,комиссия бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга же бир жолку материалдык жардам берүүдөн,баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.Турмушу оор кырдаалга туш болгон жарандардын кызыкчылыктары.
  7. Комиссиянын отурумунда датасы жана орду,маселенин маңызы боюнча ишти кароо,ишке тиешеси бар башка маалыматтар,ошондой эле кабыл алынган чечимди жарыялоо жөнүндө маалымат көрсөтүү менен протокол түзүлөт,жана даттануунун тартибин жана мөөнөтүн тактоо.
  8. Эгерде комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санын көпчүлүгү катышса,комиссиянын жыйналыштары ыйгарым укуктуу болуп саналат.
  9. Комиссиянын чечимдери жыйынга катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана төрага менен катчы кол койгон.
  10. Комиссиянын чечиминин көчүрмөсү социалдык өнүгүүнүн аймактык органына жөнөтүлүшү мүмкүн.
  11. Бир жолку медициналык жардам көрсөтүү жөнүңдө чечимдер ,төмөнкү өлчөмдөр кабыл алынат:

– мүмкүнчүлүгү  чектелген жарандар(чондор жана балдар)-10 эсептелген көсөткүч.

– аз камсыз болгон үй-бүлөлөлөр  10 эсептик көрсөткүч – Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары 10 эсептик көрсөткү.

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарынын жесирлери 10 эсептелген көрсөткүчтөр.

– тылдын эмгекчилери 10 эсептик көрсөткүч.

– башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан аскер

кызматчылары 10 эсептик көрсөткүч.

– чернобыль АЭС индеги авариянын катышуучулары жана жабыркагандар

 

10 эсептик көрсөткүч.

– угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгү- 10 эсептик көрсөткүч.

– мүмкүнчүлүгү чектелген жана 18 жашка чейинки балдары бар үйдө -10 эсептик көрсөткүч.

– жашы жете элек балдары бар баатыр энелерге -10 эсептик көрсөткүч.

-1-2 топтогу майыптарга -10 эсептик көрсөткуч

-18 жашка чейинки жетим балдарды тарбиялап жаткан ата-энелер жана камкорчуларга- 10 эсептик көрсөткүч.

  1. 26. Ар жыл сайын май айындагы майыптардвн күнүнө карата кепилди,комиссиялар тарабынан бекитилген ыйгарым укуктуу органдын тизмесине ылайык берилет -10 эсептик көрсөткүч.
  2. Ар жыл сайын эл аралык эл аралык карылар күнүнө карата кепилдик комиссия тарабынан бекитилеген ыйгарым укуктуу органдын тизмелери боюнча берилет -10 эсептик көрсөткүч.
  3.  Ар жыл сайын ыйгарым укуктуу органдын тизмелери бекиткен ,боюнча катуу отун үчүн -10 эсептик көрсөткүч.
  4. Ар жыл сайын дарыланууга же өзгөчөчө кырдаалга байланыштуу бир жолку материалдык жардам көрсөтүү боюнча чечимдерэсептик көрсөткүчтөрдүн 10 дон 100 гө чейин –эсептик көрсөткүч.
  5. Бир жолку материалдык жардам алган жарандар бул арызга ылайык каражаттарды максаттуу пайдаланууга милдетүү.
  6. Турмуштук оор абалга туш болгон жарандарга бир жолку материалдык жардам берүүдөн баш тартуунун негизи өзгөчө кырдаал болуп саналат:

– турмуштук оор кырдаалга же өзгөчө кырдаалга туш болгон жарандарга бир жолку материалдык жардам берүүдөн баш тартуунун негизи болуп төмөнкүлөр саналат:

– мурда Комиссия тарабынан бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу;

– арыз ээси тарабынан документтердин толук эмес тизмесин же үй -бүлөнүн курамы жана кирешелери тууралуу так эмес маалыматтарды берүү;

– оор турмуштук кырдаал же өзгөчө кырдаал жок; -Билим берүү мекемелеринде окуу үчүн төлөөгө, жеке келишим боюнча батирде жашоого, коммуналдык кызматтарга, тиричилик буюмдарын сатып алууга, үйлөрдү жана чатырларды оңдоого арыздар;

– жергиликтүү бюджетте каражаттын жоктугу.

  1. Турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттары Кара-Балта шаарынын мэринин буйругуна ылайык бөлүнгөн.
  2. Бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражаттын жалпы суммасы жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнүн 0,3 пайызынан ашпоого тийиш (резервдик бюджеттин каражаттарын жана аткаруу бийлигинин акы төлөнүүчү кызматтарынын көлөмүн кошпогондо) жана жергиликтүү шаардык кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.