“12” апрель 2021-ж. №03 Кара-Балта шаарынын аймагындагы КТТ чыгаруу, чогултуу жана жок кылуу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө

“12” апрель 2021-ж. №03 Кара-Балта шаарынын аймагындагы КТТ чыгаруу, чогултуу жана жок кылуу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28,31,36-беренелерине, ошондой эле муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 12-апрелиндеги №3  чечимине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаардык кеңештин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 4 “Кара-Балта шаарынын калкынан, уюмдарынан жана башка коммерциялык түзүмдөрүнөн КТТрын чыгаруу тарифин бекитүү жөнүндө”, 2018-жылдын 7-мартында № 6 “Кара-Балта шаарынын территориясындагы жашоочулардан, уюмдардан жана башка чарба жүргүзүүчү субьекттерден катуу тиричиликтик таштандыларын чыгарууга «ТехПроект» ЖЧКнун тарифин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 22-ноябрындагы №1 “Кара-Балта шаарынын алдындагы МИ “Универсал” КТТны жыйноо жана чыгаруу тарифин бекитүү жана насыя берүүнү жылдыруу тууралуу” токтомдору өз күчүн жоготту деп табылсын.
  2. Кара-Балта шаарынын аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын (КТТ) чыгаруу, чогултуу жана жок кылуу үчүн тарифи бекитилсин:
  • Кара-Балта шаарынын калкы үчүн- 132 сом айына 1 куб м.;
  • Менчиктин түрүнө карабастан, чарбалык субъекттер үчүн – 1,0 куб м. – 170,30 сом өлчөмүндө;
  • калк үчүн- 22 сом.
  1. Ушул токтом массалык маалымат каражатына жарыялансын.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

Кеңештин төрагасы                                                                      А.Байсариев

Токтом №03