«08» апрель 2021-ж. №04        ЖР ЖМПБ кырдаалы жөнүндө

«08» апрель 2021-ж. №04        ЖР ЖМПБ кырдаалы жөнүндө

«08» апрель 2021-ж. №04                                                       Кара-Балта ш.

 

 

ЖР ЖМПБ кырдаалы жөнүндө

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана КБШКнын регламентин жетекчиликке алып, Жайыл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборундагы учурдагы абалы жөнүндө Кара-Балта шаарынын жашоочуларынын жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде,  Жайыл районунун Жалпы дарыгерлик практика борбору жөнүндө жобонун 7.1-пунктуна ылайык, “Кыргыз Республикасында жарандардын ден-соолугун коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-пунктунда көргөзүлгөндөй, “… саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин дайындоо жана бошотуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сынактын негизинде жүзөгө ашырылат … “, ошондой эле КБШК саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2021-жылдын 29-мартындагы № 1 чечимине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

БУЮРМА КЫЛАТ:

 

  1. Учурдагы кырдаалга жана калк арасында нааразычылыкты алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине Жалпы дарыгерлик практика борборунун мүдүрүнүн кызмат ордуна конкурс жарыялоо жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп жана мүдүрү кайрадан дайындалсын.
  2. Ушул тескемесинин аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча ТДКга жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы                                                                     А.Байсариев