«08»  апрель 2021-ж. № 06        Т.Кожомбердиев көчөсүндө эки тараптуу  унаа кыймылын ачуу маселеси боюнча

«08»  апрель 2021-ж. № 06        Т.Кожомбердиев көчөсүндө эки тараптуу  унаа кыймылын ачуу маселеси боюнча

«08»  апрель 2021-ж. № 06                                      Кара-Балта ш.

 

Т.Кожомбердиев көчөсүндө эки тараптуу

унаа кыймылын ачуу маселеси боюнча

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1-ноябрындагы №10 “Кара-Балта шаарынын Т.Кожомбердиев көчөсүндө жол кыймылын өзгөртүү жөнүндө”, 2018-жылдын 5-декабрындагы № 9 “Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, 2018-жылдын  1 ноябырындагы №10 “Кара-Балта шаарынын Т. Кожомбердиев көчөсүндөгү унаа кыймылынын өзгөрүшү жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
  2. Т.Кожомбердиева көчөдөгү жол кыймылынын схемасын (Фрунзе көчөсүнөн Ж.Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү) убактысы чектөөсүз, бардык белгилерди орнотуу менен эки тараптуу кыймылга өзгөртүлсүн.
  3. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү максатында:
  • Т.Кожомбердиев көчөсүнөн Крылов көчөсүнө жолдун эки тарабында тосмо орнотуу:
  • бир тараптан Крупская көчөсүнө чейин;
  • экинчи тараптан борбордук мечитке чейин.
  • Т.Кожомбердиев көчөсүнө жөө адамдар өтүүчү жол чырак орнотуу (Ж.Баатыр көчөсү менен кесилиши).
  • 2 өтмөнү аныктоо:
  • “Чынара” соода борборунун жаны;
  • Т.Кожомбердиев көчөсүндө жөө адамдар өтүүчү жол чырак жайгашкан жерге (Ж.Баатыр көчөсү менен кесилиши).
  1. “Чынара” соода борборунун алдындагы жер тилкеси (унаа токтотуучу жай) муниципалдык унаа токтотуучу жайын түзүү үчүн кайтарылсын.
  2. Токтомду аткаруу мөөнөтү кабыл алынган күндөн тартып 3 ай.
  3. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү өнөр жай, курулуш, транспорт, чакан жана орто бизнести тейлөө, ишкердүүлүк жана инвестиция, Кара-Балта шаарынын мэриясы жана ЖР ИИБ жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                                     А.Байсариев

токтом №06