08» апреля  2021-ж.  № 02      Кара-Балта шаарынын КТТ полигонуна жол тилкесин уюштуруу жөнүндө

08» апреля  2021-ж.  № 02      Кара-Балта шаарынын КТТ полигонуна жол тилкесин уюштуруу жөнүндө

08» апреля  2021-ж.  № 02                                     Кара-Балта ш.

Кара-Балта шаарынын КТТ полигонуна

жол тилкесин уюштуруу жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28,31,36-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4,18-беренелерине, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,12-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаарынын түштүк өнөр жай зонасында жайгашкан аянты 45000 м², жер тилкесиКара-Балта шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине алынсын.
  2. Кара-Балта шаарынын КТТ полигонуна 2 250 м аралыктагы жол тилкеси уюштурулсун.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча;өндүрүш, курулуш, транспорт, чакан жана орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б.Шакирбаевге жүктөлсүн.

 

Кенештин төрагасы                                                                   А.Байсариев

токтом№02