2021-жылдын 10-февралында, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп өттү.

2021-жылдын 10-февралында, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп өттү.

2021-жылдын 10-февралында, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп өттү. Шаардык кеңештин сессиясы мамлекеттик гимн менен башталып, Байсариев Арсен Русланович кезексиз сессияга төрагалык кылып ачып берди. Шайланган 31 депутаттын ичинен 22 депутат кезексиз сессияга катышты. Сессиянын күн тартибинде 3 маселе бекитилди.
1. Мурунку “Дельфин” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү, №9 орто мектептин аймагын жана спорт аянтчасын тосуу үчүн инвестицияларды тартуу жөнүндө каралып көпчүлүк тарабынан кабыл алынды.
2. №2 ҮДТдү оңдоого каражат бөлүү жөнүндө маселеси кайрадан иштеп чыгуу үчүн Кара-Балта шаарынын мэриясына жөнөтүлдү.
3. “Кара-Балта суу каналы” МИ Кара-Балта шаарынын абоненттери үчүн ичүүчү суунун жана канализациянын тарифи маселеси каралып депутаттар тарабынан бир добуштан колдоого алынды.