2021-жылга карата Кара-Балта шаарынын бюджетинин долбоорунда каралган чыгашалардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чектеринде акча каражатты пайдалануу жөнүндө 2021-жылдын 10-февралындагы № 01 Тескемеси

2021-жылга карата Кара-Балта шаарынын бюджетинин долбоорунда каралган чыгашалардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чектеринде акча каражатты пайдалануу жөнүндө 2021-жылдын 10-февралындагы № 01 Тескемеси

“10” февраль 2021-ж.  № 01                                                         Кара-Балта ш

2021-жылга карата Кара-Балта шаарынын бюджетинин долбоорунда
каралган чыгашалардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн
чектеринде акча каражатты пайдалануу жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 99-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

БУЙРУК КЫЛАТ:

 

 

1.    Кара-Балта шаарынын 2021-жылга карата бюджети кабыл алынганга
чейин, Кара-Балта шаарынын 2021-жылга карата бюджеттин долбоорунда
каралган чыгашалардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн
чектеринде,

–         Кара-Балта шаарынын Кыргызстанга 40 жыл көчөсү, 18 дарегинде
жайгашкан мурдагы “Дельфин” бала бакчасынын имаратын капиталдык
ремонттон өткөрүүгө;

–         Кара-Балта шаарынын Токтогул көчөсү, 166 дарегинде жайгашкан
Кара-Балта шаарынын № 9 орто мектебинин тегерегине тосмо
орнотууга жана спорт аянтчасын курууга;

долбоорлорду 30 % кошо каржылоого Кара-Балта шаарынын мэриясы акча
каражат бөлөп берсин,

2.    2019-2023-жылдарга Кара-Балта шаарынын СЭӨП ишке ашыруу боюнча
иш-чаралар планында 6.1 -пункттагы “Мектептеги билим берүүнү
өнүктүрүү” бөлүгүнө “Кара-Балта шаарынын № 9 орто мектебинин
тегерегине тосмо орнотуу жана спорт аянтчасын куруу” кошумчаланды
деп өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик,
экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык
комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге
жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасы                                                          А.Байсариев