Токтом №1 22.11.2019 ж. Кара-Балта шаарынын алдындагы МИ “Универсал” КТТны жыйноо жана чыгаруу тарифин бекитүү жана насыя берүүнү жылдыруу тууралуу

Токтом №1 22.11.2019 ж. Кара-Балта шаарынын алдындагы МИ “Универсал” КТТны жыйноо жана чыгаруу тарифин бекитүү жана насыя берүүнү жылдыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 28,31,36 беренесине ылайык Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы “Универсал” МИнин директору Н.И.Ладожинскаянын “Катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жыйноо үчүн тарфти бекитүү жана атайын адистештирилген техниканы сатып алуу муктаждык тууралуу маалыматы” угулгандан кийин, Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Балта шаарынын мэриясы Кара-Балта шаарынын алдындагы МИ “Универсалдагы” насыя берүүнү жылдырсын:
-1997,0 миң.сом 2222-бер.”Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды материалдарды алуу максатында”;
-300,0 миң.сом 2213.бер “”Транспорт каражаттарынын ижарасы”
-112.0 миң.сом 3112-бер “Машинелер жана жабдыктар”; жумуш жана тейлөө аталышындагы “Темир контейнерлерин сатып алуу”;
-50,0 миң.сом 3111 бер “Машинелер жана жабдуулар”; жумуш жана тейлөө аталышындагы “Таштанды ташуучу ЗИЛ 130” төмөнкү чыгымдардын түрлөрүнө:
-Сатып алуу же атайын чыгарылган лизинг жана коммуналдык техникасын сатып алууга;
-Жаңы жыл майрамдарына даярдык көрүү жана тейлөөгө жана товарларды сатып алууга;
2. Кара-Балта шаар аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана чыгаруу боюнча тарифти бекитүү төмөнкү чен-өлчөмдө:
-калк-16сом;
-бюджеттик уюмдардан -220,70 сом;
-чарбалык субъектилер-250,30 сом;
3. Бул токтомду Чүй-Бишкек Юстиция Башкармалыгына Мамлекеттик укук ченем актыларынын реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк ишин жүргүзүү муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын вице-мэри Э.К.Орозбаковго жүктөлсүн.

Шаардык кеңештин төрагасы А.Аалыев