7 март 2018 ж.Токтом №2 Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга реабилитация иш чараларын жүргүзүү үчүн имарат бөлүп берүү жөнүндө

7 март 2018 ж.Токтом №2 Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга реабилитация иш чараларын жүргүзүү үчүн имарат бөлүп берүү жөнүндө

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин арызынын, Жайыл райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси А.С. Баймонкоевдин катынын жана ошондой эле бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестиция боюнча туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 5-мартындагы биргелешкен чечиминин негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын маалыматы эске алынсын.
  2. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга иш чараларын жүргүзүү үчүн Т.Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан мурунку Биргелешкен Жергиликтүү ооруканасынын имараты Жайыл райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына оперативдүү башкарууга берилсин.
  3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлүн саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                             А. Аалыев