№ 9. «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө

№ 9. «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө

Кара-Балта шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө маалыматынын, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн жамаатынын өтүнүчүнүн негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеш

 ТОКТОМ КЫЛАТ :

 “Ак ниеттүү эмгеги үчүн, Кара-Балта шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүгө салым кошкон үчүн” Кара-Балта шаарынын мэри – Шабданов Данияр Автандиловичке «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.

  1. Кара-Балта шаарынын мэри – Шабданов Данияр Автандиловичке «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылгандыгына байланыштуу, Кара-Балта шаардык кеңештин аппараты керектелүүчү документтерди даярдасын.
  2. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

Кара-Балта шаардык кеңештин

төрагасы                                                                                                  А.А. Аалыев

 

 

07 март 2018 жыл