№ 5 «Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо жөнүндө» Эрежени бекитүү жөнүндө

№ 5 «Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо жөнүндө» Эрежени бекитүү жөнүндө

№ 5 «Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо жөнүндө» Эрежени бекитүү жөнүндө

 

Кара-Балта шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

««Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо жөнүндө» Эрежени бекитүү жөнүндө»

 

Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин, ЖРВФКБнын жекчисинин орун басары  – У.Т.Керимбаевдин “Үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо ченемдерин  жана эрежелерин карап чыгуу зарылдыкы жөнүндө” маалыматын угуп чыгып, Кара-Балта шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин, ЖРВФКБнын жекчисинин орун басары – У.Т.Керимбаевдин “Үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо ченемдерин жана эрежелерин карап чыгуу зарылдыкы жөнүндө” маалымат эске алынсын.
  2. «Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо жөнүндө» Эреже, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. 2010-жылдын 17 – сентябрда № 4 ««Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттуларды кармоо жөнүндө» Эрежени бекитүү жөнүндө” Кара-Балта шаардык кеңешинин токтому күчүн жоготту деп эсептелинсин.
  4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
  5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  6. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселер жана инвестиция боюнча туруктуу комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

 

 

Кара-Балта шаардык кеңештин

төрагасы                                                                                                    А.А. Аалыев

 

09 август 2018 жыл