№10. “Кара-Балта суу каналы” МИ көрсөтүлгөн инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шарттарды берүү кызматына тарифти бекитүү жөнүндө

№10. “Кара-Балта суу каналы” МИ көрсөтүлгөн инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шарттарды берүү кызматына тарифти бекитүү жөнүндө

Кара-Балта шаардык кеңешинин

ТОКТОМУ

 

“Ичүүчү суу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Табигый монополиялар жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын          10-февралындагы №100 токтому менен бекитилген Тартибине ылайык, ошондой эле суу түтүгүнүн жана канализациялык тармактарын  өнүктүрүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шарттарды берүү кызматына  тарифи, ушул токтомдун 1- тиркемесине ылайык бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышы бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.

 

Кара-Балта шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                                А.А. Аалыев

 

27 июнь 2018 год

 

 

 

“Кара-Балта шаардык кеңешинин
2018-жылдын 27 июндагы
№ 10 токтомуна
№1 тиркеме

 

 

Аталышы Өлчөө бирдиги Тариф (салыктар жок)
Калкка Сом/1 кошулуу 1095,00
Бюджеттик жана башка уюмдар

 

Сом/1кошулуу 1255,00